Окумуштуулар Америкада жакынкы жылдарда ири табият кырсыктары болорун эскертишти

Глобалдык жылуулук жана калктын санынын көбөйүшү XXI -кылымдын орто ченинде Америка Кошмо Штаттарында суу ташкындарынын болушун шарттап, чоң зыян алып келет.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар Nature Climate Change журналында жарыяланган изилдөөгө таянуу менен жазышты.

“Батышта суу каптоо коркунучу кабыл алынгыс жогору. Климаттын өзгөрүшү жана калк санынын көбөйүшү бул кырсыктардан боло турган жоготууларды кыйла көбөйтөт”, – деди гидрология профессору Пол Бейтс.

Окумуштуулардын айтымында, жер бетинде температуранын жогорулашы АКШда селден келтирилген зыяндын 25 пайызга көбөйүшүнө алып келет. Учурда өлкө бул табигый кубулуштан жыл сайын 32 миллиард доллар жоготууда, ал эми 2050-жылга карата бул көрсөткүч 40 миллиардга жетиши мүмкүн. Ошол эле учурда эксперттер каржы жүгү калктын эң жакыр катмарына түшөрүн эскертишет.

Маалыматта тропикалык циклондор, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жана аба ырайынын начарлашы үйлөрдү жана имараттарды кыйратары айтылат. Окумуштуулар кылымдын ортосуна чейин жети миллионго жакын америкалыктар катаклизмдерден жапа чегишерин болжолдошууда. Ал эми эң олуттуу зыянды АКШнын чыгыш жээгинин тургундары тартышы мүмкүн жана Техас, Флорида штаттарында суу ташкындарынын жыштыгы 50% га көбөйөрун баса белгилешти изилдөөчүлөр.

Глобалдык жылуулуктун кесепеттерин азайтуу үчүн дүйнөнүн 190 өлкөсү 2015-жылы декабрда Климат боюнча Париж келишимине кол коюшкан. Анда планетадагы температуранын көтөрүлүшүн ооздуктоо боюнча иш-аракеттердин планы аныкталган.Келишим казылып алынуучу отундан толугу менен баш тартууну билдирбейт. Бирок, бардык тараптар булганууну азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү боюнча аракеттерди көрүшү керек.

Комментарий жиберүү