Иран АКШнын аймактагы базаларына, Израилдин ичиндеги буталарына да жете ала турган жаңы ракетасын көрсөттү.
Бул тууралуу ирандык басылмалар жазышты.
Ракетаны көрсөтүү аземи өлкөнүн сакчылар корпусунун ракеталык базаларынын биринде өтүп, анын ачылыш аземине Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн штабынын башчысы Мухаммад Багери жана аба күчтөрүнүн командачысы Амир Али Хажизаде катышты.
“Хайбар Шекан” деп аталган бул ракета катуу отун менен иштейт жана 1450 чакырым аралыкка жетет.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, ракета толугу менен ата мекендик компоненттерден жасалган жана ракетадан коргонуу системаларына сокку урууга жөндөмдүү.
Белгилей кетсек, Ирандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планын калыбына келтирүү боюнча Венадагы сүйлөшүүлөр 8-февралда кайрадан башталды.
Орусия, АКШ, Франция, Улуу Британия, Германия, Кытай жана Иран 2015-жылы Тегерандын өзөктүк программасын чектөөнүн ордуна санкцияларды алып салууну караган өзөктүк келишим түзүшкөн. 2018-жылдын май айында АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп келишимден бир тараптуу чыгып, Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирген эле.