Дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 403 миллиондон ашты

Бүгүн, 10-февралга карата дүйнөдө COVID-19 менен ооругандардын саны 403 миллиондон ашты.

Бул тууралуу Worldometers сайтына шилтеме берип “УНН” агенттиги жазды.

Жалпысынан дүйнө жүзү боюнча COVID-19 инфекциясын 403 659 007 адам жуктурса, анын ичинен 323 713 663 адам айыгып чыкты. Курман болгондордун саны 5 795 887ге жетти.

Ооругандардын саны боюнча тизмеде сап башында АКШ (78 824 393), Индия (42 476 122), Бразилия (26 960 153), Франция (21 039 639), Улуу Британия (18 000 119), Россия (13 330 769), Түркия (414,75) ), Германия (11 649 874) Испания (10 502 141) жана Аргентина (8 675 327) өлкөлөрү турат.

Ошондой эле, дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен эң көп каза болгондор АКШда (922 935), Бразилияда (635 189) жана Индияда (506 549) катталган.

Эскерте кетсек, SARS-CoV-2 коронавирусунан келип чыккан COVID-19 респиратордук оорусу биринчи жолу 2019-жылдын аягында Кытайдын Хубэй провинциясында катталган. Ошондон бери бул вирусту жуктуруп алуу 188 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда катталган. Өткөн жылдын 11-мартынан тарта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул илдеттин жайылышын пандемия деп тааныган.

Комментарий жиберүү