Бүгүн, 12-октябрда, Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-россиялык биргелешкен кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
- КР Министрлер Кабинети менен Россиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Россиянын Биринчи Президенти Б.Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;
- КР Юстиция министрлиги менен РФ Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- КР Юстиция министрлиги менен РФ Юстиция министрлигинин ортосундагы 2023-2024-жылдарга кызматташтык программасы;
- КР Айыл чарба министрлиги менен РФ Жаратылыш ресурстар министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен РФ жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
- КР Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу;
- РФ Өкмөтү менен КР Министрлер Кабинети ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.