Бишкекте өткөн КМШ ТИМ башчыларынын отурумунун жыйынтыгы

Бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаарында КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму болуп өттү.

Бул КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин Кыргызстандын Шериктештиктеги төрагалыгынын алкагында быйылкы экинчи отуруму.

Делегациялардын башчылары эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуунун жүрүшүндө КМШнын форматындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты.

Кулубаев өз сөзүндө КМШнын негизги жетишкендиктеринин бири – бул андан ары интеграцияга умтулуу менен ишенимдүү саясий мамилелерди сактап калуу экендигин белгиледи. Ал белгилегендей, Кыргызстандын төрагалыгы алкагында күч-аракет Шериктештиктин ишинин отуз жылдык тажрыйбасын андан ары өнүктүрүүгө жана азыркы этапта катышуучу мамлекеттердин көп тараптуу кызматташтыгын түзүүгө багытталды.

Катышуучу мамлекеттердин ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкка чоң көңүл бурулду.

Шериктештиктин элдери үчүн маанилүү дата болгон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү маселелерине өзгөчө басым жасалды.

Ошондой эле регионалдык кызматташуу, коопсуздук маселелери, эл аралык терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы маселелер талкууланды.

Отурумда төмөнкү документтер жактырылды:

  • Орус тили боюнча эл аралык уюм түзүү жөнүндө келишимге,
  • Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоонун жана терроризмди каржылоонун тобокелдиктерин баалоо боюнча эл аралык борбор түзүү жөнүндө макулдашууга;
  • КМШга катышуучу мамлекеттердин Соттук-эксперттик ишмердүүлүк чөйрөсүндө координациялык кеңеш түзүү жөнүндө макулдашууга;
  • 2024-2028-жылдарга кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын мамлекеттер аралык программасы бекитилди.

КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынын 2024-жылдын 12-апрелинде Минск шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Комментарий жиберүү