Ирандык саясатчы: “Перс булуңундагы үч арал Ислам Республикасынын аймагынын ажырагыс бөлүгү”

Ирандын Жогорку лидердин эл аралык иштер боюнча кеңешчиси Али Акбар Велаяти Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши менен Евробиримдиктин биргелешкен билдирүүсүн айыптап, Перс булуңундагы Абу Муса, Чоң Томб жана Кичи Томб аралдары Иран Ислам Республикасынын аймагынын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгиледи.

16-октябрда Брюсселде Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши менен Евробиримдиктин лидерлери саммит өткөрүп, жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алып, анда  Иран Перс булуңундагы үч аралда (Абу Муса, Чоң Томб жана Кичи Томб аралдары) «баскынчы» катары сыпатталган.

Велаяти Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши менен Евробиримдиктин дооматтарын негизсиз деп атап, аталган үч аралга Иран ээлик кыларын, алар Иран аймагынын ажырагыс бөлүгү экенин белгилеп, Ислам Республикасы эч бир чет элдик тараптын анын ички иштерине кийлигишүүсүнө жол бербей турганын кошумчалады.

IRNA агенттиги маалымдагандай, Абу Муса, Чоң Томб жана Кичи Томб аралдары – Ормуз кысыгына жакын Перс булуңунда жайгашкан. Ишенимдүү тарыхый документтерге караганда, Ахеменид доорунан бери алар Ирандын бийлиги астында болуп, Ирандын аймагынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары, ал Европа Биримдиги менен Улуу Британиянын Иранга каршы жаңы санкцияларын айыптап, Ирандын улуу эли душмандын кара ниет аракеттерине буга чейин да күбө болуп келгенин жана  ар дайым чектөөлөрдөн мүмкүнчүлүктөрдү жасап келгенин белгиледи.

Евробиримдиктин Иранга каршы санкциялары 14-октябрда киргизилген. Санкцияга Iran Air, Mahan Air жана Saha Airlines авиакомпаниялары да кабылган. Алардан тышкары дагы төрт юридикалык жана жети жеке жак туш болгон.

“Батыш биздин өлкөнүн авиакомпанияларына санкция жарыялап, Иранга кысым көрсөтүү менен эч кандай жаман максаттарына жетпей турганын билиши керек. Ирандын улуу эли 45 жылдын ичинде мындай кара ниет аракеттерге күбө болуп келген жана бул чектөөлөрдөн ар дайым мүмкүнчүлүктөрдү жасап келген”, – деди ал.

Ирандын Жогорку лидердин эл аралык иштер боюнча кеңешчиси ошондой эле аймактагы кырдаалга токтолду.

Ал сионисттик режим Газа, Ливан жана башка аймактагы мамлекеттердин эзилген элине каршы жасаган коркунучтуу кылмыштарынан бери бир жылдан ашык убакыт өткөнүн, бул ырайымсыз режим батыштыктардын колдоосу менен жана борбору Америкага таянып, адамзат тарыхында болуп көрбөгөн кылмыштарды жасап жатканын билдирди.

“Америкалыктар Израилге бул режим жана анын канкор премьер-министри сураган ар кандай курал-жарактарды жана башка каражаттарды эч кандай чектөөлөрсүз жана ойлонбостон берип жатышат. Сыртынан караганда алар ортомчу ролду ойношсо, ичинен алар бардык бул кылмыштарга жана мусулмандарга каршы геноцидге шериктеш болууда”, – деди Велаяти.

Ал Батыштын эң ыйык Ислам өлкөлөрүнүн биринде жүргүзгөн бул прокси согушу сөзсүз ийгиликсиздикке учурап, мусулмандардын жеңиши менен аяктай турганын баса белгиледи.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Арагчи да бул боюнча билдирүү жасап, жагынан үч арал ар дайым Иранга тиешелүү болгондугун жана түбөлүктүү бойдон кала берерин баса белгилеген.

“Биздин аймакта европалыктардын “бөлүп-жарып анан башкар” деген кара ниет саясатынын доору эбак  бүткөн”, – деген Аракчи.

Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши менен Евробиримдиктин үч арал боюнча дооматтарын Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багайи да кескин айыптаган.

Комментарий жиберүү