Яхья Синвар өз өмүрүн Палестина үчүн берди. Иран бийлигинин ХАМАСтын лидеринин өлүмүнө байланыштуу билдирүүсү

Иран бийлиги палестиналык ХАМАС кыймылынын лидери Яхья Синвардын Израиль тарабынан өлтүрүлүшүнө байланыштуу билдирүү жасады.

17-октябрда Израиль армиясы (ЦАХАЛ) Синвар Газанын Рафах шаарында жок кылынганын жарыялаган.

18-октябрда кыймылдын башчысынын орун басары Халиль аль-Хайя Синвар Газада өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматты тастыктаган.

Иран ТИМи: Синвар өз өмүрүн Палестина үчүн берди

Ирандын Тышкы иштер министрлиги жума күнү жасаган өз билдирүүсүндө ХАМАСтын лидери шейит Яхья Синвардын каза болгондугуна байланыштуу палестиналыктарга көңүл айтып, ал баалуу өмүрүн Палестина маселесине арнаганын билдирди.

“Синвар Палестина элинин мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн өзүнүн баалуу өмүрүн курман кылды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Мекеменин билдирүүсүндө ошондой эле эркиндик үчүн күрөшкөндөрдүн физикалык жактан жок кылынышы «каршылык көрсөтүү мектебине» эч кандай сокку урбай тургандыгы, тескерисинче алардын өлүмү “каршылык огунун” жоокерлерине шыктануу булагы болуп кала берери белгиленет.

ТИМ Яхья Синвар Израилдин түрмөлөрүндө жыйырма жылдан ашык убакыт өткөргөнү белгиленет.

“Яхья Синвар, Касем Сулеймани, Абдел Азиз ал-Рантиси, Исмаил Хания жана Хасан Насрулла каршылык огунун легендарлуу баатырлары болушкан”, – деп баса белгиленет билдирүүдө.

Аббас Аракчи: Шейиттер түбөлүк жашайт

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Израиль Синварды жок кылгандан кийин, израилдик оккупацияга каршы күрөш иши “мурдагыдан да жандуу” деп билдирди.

“Яхья Синвар өлүмдөн корккон эмес жана Газада шейит болгон. Ал согуш талаасында акырына чейин эрдик менен салгылашты. Биз жана дүйнө жүзүндөгү сансыз башка адамдар анын Палестина элинин боштондугу үчүн жан аябас күрөшүнө таазим кылабыз. Шейиттер түбөлүк жашайт жана Палестинаны оккупациядан бошотуу иши мурда болуп көрбөгөндөй жандуу”, — деп жазган министр X баракчасына.

Яхья ас-Синвар ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун жаңы жетекчиси болуп август айында шайланган. Ал Тегеранда Израилдин кол салуусунда өлтүрүлгөн Исмаил Ханиянын ордуна келген болчу.

Көбүнчө Абу Ибрагим деген ат менен белгилүү, 62 жаштагы Синвар Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис качкындар лагеринде төрөлгөн.

Буга чейин Синвар Газа тилкесиндеги кыймылдын лидери болгон. Ал өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн Израилдин түрмөсүндө өткөргөн. 1988-жылы ал Израилдин бийликтери тарабынан камакка алынып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Кийин ал 2011-жылы палестиналык туткундарды израилдик жоокер Гилад Шалитке алмашуу учурунда абактан бошотулган.

Түрмөдөн чыккандан көп өтпөй Синвар ХАМАСтын саясий бюросуна кирип, 2017-жылы Газа тилкесиндеги кыймылдын лидери болуп шайланган.

Пезешкиан: Синвардын өлтүрүлүшү каршылык көрсөтүүнүн ишин үзгүлтүккө учуратпайт

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан ХАМАСтын саясий бюросунун жетекчиси Яхья Синвардын өлүмү агрессия жана оккупацияга каршы күрөштө каршылык көрсөтүүнүн ишин үзгүлтүккө учуратпасын билдирди.

Пезешкиан өз кайрылуусунда Синвардын шейит болушуна байланыштуу Жогорку лидерге, Газанын эзилген жана күчтүү калкына жана бардык эркиндикти сүйгөн элге көңүл айтты.

Ирандын БУУдагы миссиясы: ХАМАСтын лидеринин өлтүрүлүшү“каршылык көрсөтүүнүн духун” бекемдейт 

ХАМАСтын лидери Яхья Синвардын израилдик аскерлер тарабынан өлтүрүлүшү “каршылык көрсөтүүнүн духун” бекемдейт жана ал жаштар үчүн үлгү болот, деп билдирди Ирандын БУУдагы миссиясы.

“Ал (Синвар – ред.) Палестинанын боштондугу үчүн жолун уланта турган жаштар жана балдар үчүн үлгү болот.  Оккупация жана агрессия болуп турганда каршылык улана берет, анткени шейит тирүү жана шыктандырган булак бойдон кала берет”, – деп айтылат Ирандын БУУдагы миссиясынын X социалдык тармагындагы баракчасында.

Ошондой эле билдирүүдө мусулмандар шейит Яхья Синварды аскер кийимчен жана согуш талаасынын ортосунда жашырынып эмес, душманга каршы бетме-бет турганын көргөндө, каршылык көрсөтүүнүн руху бекемделери белгиленет.

Комментарий жиберүү