ЖМКлар FETO′нун негиздөөчүсү Фетхуллах Гүлен көз жумганын жазышты

Түркияда террордук деп жарыяланган FETO уюмунун лидери, дин аалымы Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери жашап жаткан АКШда көз жумганын FETOго жакын “Herkul” порталы билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

83 жаштагы Гүлендин өлүмү тууралуу маалыматты анын жээни Эбуссеме Гүлен тастыктаганын CNN Turk кабарлады.

Гүлен 20-октябрда Пенсильвания штатындагы клиникалардын биринде каза болгону маалымдалат.

Түркия бийлиги Гүлендин FETO уюмун 2016-жылы болгон мамлекеттик төңкөрүштү уюштурган деп күнөөлөп келет. Эки күнгө созулган тирештин натыйжасында 250дөн ашуун адам каза болуп, 2,2 миңи жарадар болгон.

Анкара АКШдан Гүленди экстрадициялоону кайра-кайра талап кылып, ошондой эле FETOнун жактоочуларын акыркысы жоопко тартылмайынча куугунтуктай турганын билдирген. АКШда жүргөн Гүлен өзү төңкөрүш аракетин айыптап, өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.

Түркияда төңкөрүш аракетинен кийин 80 миңден ашуун адам камакка алынган, 150 миңдей мамлекеттик кызматкер, анын ичинде аскер кызматкерлери жумуштан четтетилген.

Ошондон бери Түркияда Гүлендин жактоочуларына каршы операциялар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Комментарий жиберүү