Ирандын абадан коргонуу күчтөрүнүн билдирүүсү

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү билдирүү жасап, сионисттик режим ишемби күнү кечинде Тегеран, Хузестан жана Илам провинцияларындагы бир катар аскерий борборлорго чабуул жасап, чектелген зыян келтирилгенин кошумчалады.

“Ислам Республикасынын расмий адамдарынын кылмыштуу жана мыйзамсыз сионисттик режимге кандайдыр бир авантюристтик аракеттерден качуу боюнча буга чейинки эскертүүлөрүнө карабастан, бул жасалма режим бүгүн эртең менен Тегеран, Хузестан жана Илам провинцияларындагы аскерий борборлордун бир бөлүгүнө чабуул жасады”, — деп айтылат билдирүүдө.

Анда өлкөнүн бирдиктүү абадан коргонуу системасы тарабынан кол салуу ийгиликтүү токтотулуп, кайтарылганы белгиленген.

“Айрым жерлерде чектелген зыян келтирилген. Бул окуянын көлөмү иликтенүүдө”, — деп айтылат документте.

Комментарий жиберүү