АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын Орусиянын аймагына терең сокку уруу үчүн алыс аралыкка учуучу америкалык ATACMS ракеталарын колдонуу коркунуч жаратат деген билдирүүсү Москванын позициясына толугу менен шайкеш келет. Анын чыр-чатактын күчөшүнүн себептерин чечмелеп берүүсү орус тарапта резонанс жаратууда.
Бул тууралуу журналисттерге Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди, деп маалымдайт ТАСС.
«Бул билдирүүнүн өзү биздин позициябызга толугу менен дал келет. Башкача айтканда, бул учурда кырдаалдын күчөшүнүн себептери боюнча бизде бирдей көз караш бар. Анан, албетте, бул бизге жагат. Трамп конфликттин айланасындагы кырдаалды курчутуп жатканын түшүнүп жатканы көрүнүп турат”,-деди Кремлдин өкүлү.
Бир күн мурун Трамп Американын куралы менен Орусиянын тереңине сокку уруу чечимин келесоолук деп атаган, анын пикиринде, бул Вашингтон администрациясынын учурдагы башчысы Жо Байдендин макулдугу менен кабыл алынган.