ХАМАС араб өлкөлөрүн Газанын саламаттык сактоо тармагын сактап калууга чакырды

Палестиналык ХАМАС кыймылы Ирактын борборуна чогулган араб өлкөлөрүн Саламаттыкты сактоо министрлерин Газанын саламаттык сактоо тармагын, анын ичинде ооруканаларды сактап калуу үчүн токтоосуз чечимдерди кабыл алууга чакырды.

12-декабрда Ирактын борбор шаары Багдадга араб өлкөлөрүнүн Саламаттыкты сактоо министрлер кеңешинин 61-сессиясы болуп өттү.

Анда бүткүл араб дүйнөсүнүн саламаттыкты сактоо жана гуманитардык көйгөйлөр талкууланып, күн тартибинде Палестина, Ливан, Йемен, Сомали жана Судандагы саламаттык сактоо кризистерине байланыштуу чечимдер жана сунуштар камтылган.

Мындан тышкары, жолугушуу саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүдө араб өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты арттыруу, аймактык саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу боюнча күч-аракеттерди бириктирүү жана башка маанилүү маселелерди чечүү максатын көздөйт.

Жыйындын катышуучуларына кайрылган ХАМАС кыймылы өз билдирүүсүндө Газа тилкесинде талаа ооруканаларын түзүү үчүн сионисттик режимге кысым көрсөтүү үчүн түрдүү каражаттарды колдонууга чакырды.

Кыймыл ошондой эле араб өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо министрлерин Газанын саламаттык сактоо тармагын сактап калуу үчүн биргелешип аракеттенүүгө жана тез арада чара көрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жана өзгөчө жарадарларга жана коркунучтуу ооруларга чалдыккан бейтаптарга чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырды.

Эске салсак, буга чейин Газа тилкесинде саламаттыкты сактоо тармагынын абалы ого бетер начарлап баратканын, кыштын келиши менен жаңы кыйынчылыктар кошулганын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий өкүлү Маргарет Харрис билдирген. Ал Газанын түндүгүндөгү саламаттык сактоо тармагындагы абал өзгөчө оор экенин, бул аймак көптөн бери Израилдин курчоосунда турарын эске салган.

Газа секторунун Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжал башталгандан бери анклавда жалпы 44 786 адам курман болду, алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар. Ошондой эле 106,1 миңден ашууну жаракат алды. Андан бери 1000 ден ашуун дарыгер каза болду.