Түркиянын максаты Башар Асадды кулатуу болгон эмес, Анкара Сирияны терроризмден эркин, туруктуу өлкө катары көргүсү келген.
Мындай билдирүүнү Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан түркиялык NTV телеканалына берген маегинде билдирди.
“Түркия тобокелдиктерди көрүп турду. Биздин максат Башар Асадды кулатуу болгон эмес, ниетибиз – Сирияны туруктуу, элин бактылуу, терроризмден эркин болуусун көрүү болчу. Абалдын чындап эле начар экенин түшүнүп турдук. Президентибиз (Эрдоган – ред.) жардам колун сунду. Көп жылдар бою режим өзүнүн кемчиликтерин көрүп келаткан. Алар бул маселени талкуулагылары келген жок. Биз алардан эч нерсе талап кылмак эмеспиз. Биздин гуманитардык өтүнүчтөр бар болчу. Алар бул маселелерге өз элин душманы катары көргөндүктөн киришкен жок”, — деди Фидан.
Буга чейин Хакан Фидан түрк делегациясы 13-декабрда Дамаскка элчиликтин ишин баштоо үчүн барганын билдирген. Анын айтымында, Түркиянын Сириядагы элчилиги ишемби күнү, 14-декабрдан тарта ишин башташы мүмкүн.
Сириядагы бийликтин кулатылышы
8-декабрга караган түнү өкмөткө каршы сириялык козголоңчулар Башар Асаддын режими кулаганын жарыялашты. Баш калаа Дамаск козголоңчулардын чабуулунан эки жума өтпөй эле алардын колуна өттү.
Башар Асад учак менен Москвага чыгып кетти, өлкөнүн премьер-министри Мухаммед Гази аль-Джаляли бийликти өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди. Премьер-министр ошондой эле “Хаят Тахрир аш-Шамдын” жетекчилиги менен байланыш түзгөнүн айтты.
Кийинчерээк Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Асад президенттик кызматтан кетип, өлкөдөн чыгып кеткенин, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү боюнча көрсөтмө бергенин ырастады.
Азыркы тапта Сириянын убактылуу өкмөтүнүн курамы түзүлүп, өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп Мухаммед аль-Башир дайындалды.
Аль-Башир убактылуу өкмөт конституциялык маселелер чечилгенге чейин 2025-жылдын мартына чейин иштейт.