Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2023-жылдын 7-октябрынан бери 45 миң 129 палестиналык каза болгонун, алардын 70% аялдар жана балдар болгонун билдирди.
“Акыркы 24 сааттын ичинде сионисттик армия Газа тилкесинде төрт кылмыш жасады, анын натыйжасында 32 палестиналык набыт болуп, дагы 94ү жарадар болду”, — деп айтылат Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.
«Израилдин агрессиясынын курмандыктарынын саны 45 миң 129га жетти», – деп айтылат Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.
Саламаттыкты сактоо министрлиги ошондой эле акыркы 24 саатта жабыркагандардын жалпы саны көбөйүп, учурда 107 миң 338ге жеткенин билдирди.