Ички иштер министри Али Йерликая өрт тууралуу маалымат берди.
21.01.2025 ~ 21.01.2025
Карталкая лыжа борборунда чыккан өрттө 66 адам каза болду.
Ички иштер министри Али Йерликая өрт тууралуу маалыматында 66 адамдын каза болгонун 51 кишинин да жаралангандыгын билдирди.
Йерликая : “Тилекке каршы 66 киши каза болуп, 51 адам жаракат алды жана өрт өчүрүлдү, муздатуу иштери уланууда. Муздатуу иштери аяктаган жерлерде АФАД жана өрт өчүрүү топторунун бөлмөлөрдү текшерүүсү менен ушул кезге чейин 66 адамдын каза болгондугун аныктадык”,- деди.