Садыр Жапаров Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-февралда, Пекин шаарында Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын президентинин маалымат кызматы билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, эки мамлекет башчылары кыргыз-кытай мамилелери, ар тараптуу жана тең укуктуу кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле эки тарапты кызыктырган эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча кеңири пикир алмашты.

Тараптар 2023-жылдын май айында “Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларациясына” кол коюлгандан берки эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын жогору баалап, аны Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн негизи катары колдонууга бир добуштан макул болуп, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн регионалдык стабилдүүлүктү жана өнүгүүнү сактоого умтуларын ырастады.

Төрага Си Цзиньпин Кытайда салт боюнча ай календарынын биринчи айы майрам деп эсептелерин айтты. Ал Жаз майрамында кабыл алган биринчи чет элдик лидер – Президент Садыр Жапаров экенин баса белгиледи.

“Кытай менен Кыргызстанды бекем байланыштар гана эмес, элдердин тыгыз жакындашуусу да бириктирип турат. Биздин мамилелер баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине жетти. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ишенимге негизделген саясий диалог бекемделүүдө”, – деп Си Цзиньпин айтып өттү.

Ал Кыргызстандын лидери президент болуп турган мезгилде өлкө туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп, олуттуу ийгиликтерге жетишип жатканын баса белгиледи.

Кытайдын Төрагасы Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан улуттук кызыкчылыктарына дал келген көз карандысыз жана өзгөчө өнүгүү жолун тандап алганына ишеним билдирди.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров КЭРдин Төрагасын, ошондой эле бардык дос мамиледеги Кытай элин Жаз майрамы – Чуньцзе менен чын дилинен куттуктады. Ал үй-бүлөлүк чогулуулардын жылуулугуна бөлөнгөн бул майрам Кытайдын бай жана көп кырдуу маданиятынын жаркын символу экенин баса белгиледи.

https://youtube.com/watch?v=0HzAIIJYR-I%3Ffeature%3Doembed

Кыргызстандын Президенти КЭРдин Төрагасы менен 3 жыл мурун Кытайга болгон алгачкы чет элдик сапарын жылуу маанайда эстеп, аны менен Кыргызстандын ишенимдүү досун тапканына кубанычта экенин айтты. Акыркы үч жылдагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүн талдап келип, ал парламенттердин, өкмөттөрдүн жана министрликтердин башчыларынын деңгээлинде көптөгөн сапарлар жана биргелешкен иш-чаралар өткөнүн канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров айрыкча аймактар аралык ийгиликтүү кызматташууга басым жасап, ал жакшы жемишин бере баштаганын белгиледи. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында эң кыска мөөнөттө завод-фабрикалар курулуп, биргелешкен ишканалар ачылып, соода, машина куруу, логистика, транспорт жана электрондук коммерция тармактарында долбоорлор ишке ашырылууда. Ал Кытайга аны менен кошо аймактардын жетекчилери келгенин белгиледи, бул аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигинен кабар берет.

Кыргызстандын Президенти ошондой эле тең укуктуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүккө негизделген “Бир алкак, бир жол” демилгесин жогору баалады. Садыр Жапаров Кыргызстан бул демилгенин алкагында мындан дагы масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга катышууга даяр экенин ырастады.

Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстандын Кытайдын Глобалдык өнүгүү, Глобалдык коопсуздук жана Глобалдык цивилизация боюнча демилгелерине берилгендигин ырастап, алардын БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө жана дүйнөдө коопсуздукту сактоого кошкон салымын белгиледи.

Кыргызстандын Президенти КЭРдин Төрагасынын демилгеси менен “Кытай – Борбордук Азия” регионалдык кызматташуунун жаңы форматы түзүлгөнүн айтып, анын Катчылыгын түзүү боюнча сунушун колдоорун билдирип, анын ишине салым кошууга Кыргызстандын даярдыгын баса белгиледи.

“Кыргызстан Кытайды жөн гана ишенимдүү дос жана ишенимдүү өнөктөш катары эмес, реформалардын, көрөгөч лидерликтин жана өз маданиятын урматтоонун сабаттуу айкалышы мыкты натыйжаларга алып келе тургандыгын көрсөткөн шыктандыруучу кошуна катары да көрөт”, – деп белгилеп, Президент сөзүн жыйынтыктады.