Кремль АКШнын Украинага аскердик жардамын токтотуусу боюнча комментарий берди.
Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, АКШнын Украинага аскердик жардамын токтотуу ыктымалдыгы Киевди тынчтык орнотуу процессин баштоого түртүшү мүмкүн.
Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги жазды.
“Эгер бул чындык болсо, чечим чындап эле Киев режимин тынчтык процессине түртүшү мүмкүн”, – деди ал.
Кремлдин өкүлү ошондой эле Москва АКШ президенти Дональд Трамптын Украинага тынчтык орнотуу каалоосу тууралуу билдирүүлөрүн кубаттай турганын билдирип, АКШ тараптан Украинага аскердик жардамдын токтотулушу тынчтык орнотууга чоң салым болорун белгиледи.
Кечээ кечинде “Fox News” телеканалы Ак үйдүн жогорку даражалуу өкүлүнө таянып, Америка президенти Киев тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү чечмейинче, АКШ Украинага бардык аскердик жардамды токтотуп жатканын кабарлады.
28-февралда Ак үйдө Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусу болгон. Алар сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кол коюшат деп күтүлүп, бирок ортодо талаш-тартыш чыгып, ресурстар боюнча келишимге кол коюлбай калган.
Жолугушуудан кийин Трамп Зеленский тынчтыкка даяр эместигин жана АКШны сыйлабастыгын көрсөткөнүн айткан.
Кийинчерээк АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Уолтц Трамп Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого ачык экенин, бирок ал позициясын кайра карап чыгып, кечирим сурап, кен байлык боюнча келишимге кол коюуга даярдыгын жана тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу ниетин билдириши керек экенин билдирген.