Кошмо Штаттар хуситтер өз чабуулдарынан баш тартса, аларга каршы операцияны токтотууга даяр.
ТАССтын маалыматына караганда, бул тууралуу АКШнын коргоо министринин коомчулук менен байланыш боюнча жардамчысы Шон Парнелл бул кызматка киришкенден кийинки биринчи брифингинде билдирди.
«Хуситтер качан операция аяктай турганын өздөрү чече алышат, бирок азырынча биздин кампаниябыз тайманбас болот. АКШнын операциясы улана берет, биз мекенибизди коргоп, ал аймактагы деңиз жолдорун ачып, манёвр жасоого толук эркиндикке ээ экенибизге ынанмайынча», – деди Парнелл.
Брифинг учурунда Биргелешкен штаб башчылары комитетинин Оперативдик башкармалыгынын башчысы, генерал-лейтенант Алекс Гринкевич билдиргендей, АКШ операция башталгандан бери Йемендин ар кайсы аймактарында 30дан ашуун бутаны жок кылган. Бирок ал кайсы объекттер жок кылынганын тактаган жок. Ошондой эле, ал АКШнын аракеттеринин натыйжасында бир да жай тургун курман болгон жок же жабыркаган жок деп билдирди.
15-мартта АКШнын Куралдуу күчтөрү президент Дональд Трамптын буйругу менен хуситтер көзөмөлдөгөн Йемен аймагына массалык соккуларды урган. АКШнын Борбордук командачылыгынын айтымында, операциянын максаты – Америка кызыкчылыктарын коргоо жана деңизде эркин жүрүүгө шарт түзүү.