Израил Газа тилкесинде палестиналык ХАМАС кыймылына каршы аскерий операцияларын кайра баштаганын “Axios” гезитинин журналисти Барак Равид X социалдык тармагына жөөт мамлекетинин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесине таянып жазды.
“Израиль Газа тилкесинде ХАМАСка каршы аскерий операцияларын бул топ АКШнын элдешүүнүн мөөнөтүн узартуу сунушун четке каккандан кийин уланууда”,- деп жазат ал.
18-мартка караган түнү Израилдин армиясы ЦАХАЛ Газа тилкесине авиация менен массалык сокку урулганын кабарлады.
Израилдин аткылоосунан каза болгондордун саны 310го жеткенин “Аль-Жазира” телеканалы анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып билдирди.
«Израилдик душмандын Газа тилкесине жасаган чабуулунун натыйжасында каза болгондордун саны 310го жетти, жүздөгөн адамдар жарадар болуп, дайынсыз жоголду», – деп жазат басылма.
Буга чейин сионисттердин (Израиль – ред.) үйлөргө, мектептерге, баш калкалоочу жайларга жана жер которгондор үчүн чатырларга жасаган соккуларынын натыйжасында 230дан ашуун адам өлүп, 350дөй киши жарадар болгону, алардын көбү аялдар жана балдар экенин “Al Aqsa” телеканалы жазган.
19-январдан 1-мартка чейин Газа тилкесинде ок атышпоо Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы палестиналык туткундардын ордуна израилдик барымтадагыларды бошотуу боюнча келишимдин алкагында күчүндө болгон. Алты аптанын ичинде анклавдан 30 тирүү барымтадагы адам бошотулуп, сегиз кишинин сөөгү өткөрүлүп берилди. Анын ордуна Израиль 1700дөй палестиналык туткунду бошотуп, жөөт армиясы Газа тилкесинин ички аймактарынан чыгып кеткен.
Ок атышпоо тууралуу келишим
2-мартка караган түнү, макулдашылган ок атышпоо келишими аяктагандан кийин, Израилдин бийликтери АКШнын президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф анклавдагы убактылуу элдешүүнү узартуу боюнча жаңы планды сунуштаганын, анткени каршылаш тараптардын согушту толук токтотуу боюнча пикир келишпестиктерин жеңүү азырынча мүмкүн эмес экенин жарыялады. Нетаньяхунун кеңсеси Израил бул планга макул экенин, бирок палестиналык ХАМАС макул эмес экенин баса белгилеген.
ХАМАС өз кезегинде ок атышпоо келишимин токтоткон жана израилдик барымтадагыларды өлүмгө кептөө тууралуу буйрукка кол койгон Нетаньяху болгонун баса белгиледи.
Аталган кыймыл согушту токтотууну жана Израилдин аскерлерин тилкеден толук чыгарып кетүүнү камтыган келишимдин экинчи этабына өтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылган.
Жаңы планда ок атышпоо режимин Рамазан жана Пасах айларында, башкача айтканда, ал ишке ашырыла баштаган биринчи күнү Газа тилкесиндеги израилдик барымтадагыларды (тирүүлөрдү да, каза болгондорду да) бошотуу каралган, ал эми туруктуу ок атышпоо боюнча макулдашууга жетишилсе, барымтага алынгандардын бардыгы (тирүүлөрдү да каза болгондорду да) бошотулат.
Ошол эле маалда Тель-Авив анклавга гуманитардык жүктөрдү ташып келүүгө тыюу салып, Газада электр энергиясын берүүнү токтоткон.