Иран ТИМи АКШ менен сүйлөшүүлөрдө эмне маселелер талкууланганын билдирди

12-апрелде Омандын борбор шаары Маскатта өткөн Тегеран менен Вашингтондун кыйыр сүйлөшүүлөрүндө Ирандын өзөктүк программасынан жана Ислам Республикасына каршы санкцияларды алып салуудан башка маселелер талкууланган жок.

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багайи билдирди.

“Эгерде биз ишибиздин негизи катары АКШ менен кат алышууну жана Маскаттагы кыйыр сүйлөшүүлөргө алып келген процесстин башталышын алсак, анда бул кат алышууларда өзөктүк маселе жана санкцияларды алып салуудан башка эч нерсе болгон эмес. Ирандын позициясы ачык: талкууланган жалгыз маселе – өзөктүк маселе жана санкцияларды алып салуу жана биз АКШ менен башка темалар боюнча эч кандай сүйлөшүүлөрдү өткөрбөйбүз… Муну биз Маскатта да кармандык», – деди Багайи.

12-апрелде Маскатта Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен АКШ президентинин атайын чабарманы Стивен Уиткоффтун ортосунда кыйыр сүйлөшүүлөр болду. Уиткоффтун айтымында, сүйлөшүүлөр позитивдүү жана конструктивдүү өттү. Арагчи да бул сүйлөшүүлөрдүн атмосферасын конструктивдүү жана тынч деп сыпаттап, Омандын тышкы иштер министрине Иран жана Америка делегацияларынын ортосундагы пикир алмаштыруу аракети үчүн ыраазычылык билдирди жана Иран менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы ишемби, 19-апрель күнү өтөөрүн жарыялады.

Март айынын башында АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеиге кат жолдоп, анда ал Тегеран менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге жетишүүнү артык көрөрүн айтып, башка учурда аскерий жооп кайтарарын эскерткен. Ирандын президенти Масуд Пезешкян Тегеран жооп катында өзөктүк программа маселеси боюнча АКШнын түз сүйлөшүүлөрүнөн баш тартканын айтып, кыйыр сүйлөшүүлөргө гана жол ачык экенин айткан.

Өзөктүк келишим – 2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.