Палестинаны колдогон дүйнөлүк парламентарийлер Стамбулда  жолугушат

Дүйнөлүк парламентарийлердин жолугушуусу Түркия улуу улуттук жыйынынын демилгеси менен уюштурулуп, парламенттик дипломатия тармагында кызматташуу жана кеңешүү аянтчасы болуу максатын көздөйт.

Бул тууралуу Anadolu агенттиги жазды.

Маалыматта белгиленгендей, Түркия улуу улуттук жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Нуман Куртулмуштун демилгеси менен түзүлгөн «Палестинаны колдоочу парламенттер тобунун жыйыны» алкагында Палестинага дос мамлекеттердин парламент жетекчилери жана эл өкүлдөрү 18-апрелде Стамбулда чогулат.

Жолугушууда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.

Ошондой эле  палестиналыктардын негизги укуктары боюнча эл аралык коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча аракеттерин улантып жаткан парламенттер ортосундагы «Палестина маселесинин» негизинде кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.

Стамбулдагы бул жолугушуу  Палестинага дос мамлекеттердин башын бириктирет.

Ага Түркия  баш болгон 13 парламенттин жетекчилери жана депутаттары катышат.

Төрага Куртулмуш тарабынан  демилгеленген бул сунуш Палестина менен парламенттер аралык тилектештик линиясын түзүүнү, Израил-Палестина жаңжалын  чечүүнү колдоону күчөтүү жана Палестина мамлекетин тааныган өлкөлөрдүн санын көбөйтүү.

Ошол эле учурда палестиналыктардын  мыйзамдуу укуктарын коргоо жана басып алынган аймактарында, өзгөчө Газа тилкесинде жана аймактагы гуманитардык катастрофалардын алдын алуу максатын көздөйт.

Стамбулдагы биринчи жолку бул жыйын «Палестинага колдоо көрсөтүүчү парламенттер тобун» түзүү жана анын жол картасын аныктоону максат кылат.

Жолугушуунун жыйынтыгында парламентарийлер биргелешкен декларацияны жарыялашкандан кийин,  парламент башчыларынын жолугушуусунун алкагында эки тараптуу жолугушуулар болушу да күтүлүүдө.