Иран менен АКШнын ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы аяктады

19-апрелде Иран менен Америка Кошмо Штаттарынын сүйлөшүү делегацияларынын ортосундагы Султанат Оман ортомчулугу менен Рим шаарындагы бул өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүндө өткөрүлгөн кыйыр сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы пландалгандай аяктады. Мындай маалыматты Ирандын IRNA агенттиги билдирди.

Аталган маалымат булагынын билдирүүсүнө ылайык, бул сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду келерки жумада өтөт.

“Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жетектеген делегация менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоф жетектеген америкалык делегациянын ортосунда Римде өткөн сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы аяктап, тараптар бир нече мүнөт мурда Оман элчилигинин имаратынан чыгышты”,- деп айтылат маалыматта.

Иран Рим шаарында АКШ менен болгон өзөктүк сүйлөшүүлөрдү «конструктивдүү» деп атады

Омандын ортомчулугу менен Римде өткөн Иран менен АКШнын ортосундагы өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы «конструктивдүү атмосферада» өткөнүн Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи Х социалдык тармагында билдирди.

Анын айтымында, тараптар жакынкы күндөрү техникалык консультацияларды баштоого жана 26-апрелде сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын өткөрүүгө макулдашты. Жаңы раундда делегацияларды мурдагыдай эле Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткоф жетектемекчи.

«Иран менен АКШ Римде өткөн сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раундунун жүрүшүндө бир катар маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишилди. Сүйлөшүүлөр конструктивдүү болду. Жакынкы күндөрү диалог техникалык деңгээлде уланат, ал эми кийинки ишембиде делегация башчыларынын деңгээлинде жаңы жолугушуу өтөт», — деп баса белгиледи Багаи.

Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри бейшемби күнү, 18-апрелде, кечинде Италиянын борбору Рим шаарына саясий жана укуктук делегациянын башында келип, АКШ менен кыйыр сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышкан. Бул сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 12-апрелде Омандын борбору Маскат шаарында өткөн.

Тегеран жана Вашингтон техникалык кеңешүүлөрдү улантып, 26-апрелде кайра жолугушат.