Путин менен Пезешкиан энергетика жана транспорт тармагындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты

Бүгүн, 6-майда РФ президенти Владимир Путин менен Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкяндын ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду.

Кремль маалымдагандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Путин Пезешкианга 26-апрелде Ирандагы “Шахид Ражаи” портунда болгон жарылуудан каза болгондорго байланыштуу дагы бир жолу чын жүрөктөн көңүл айтты. Масуд Пезешкян өз кезегинде россиялык тарапка бул кырсыктын кесепеттерин жоюуга ыкчам жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, россиялык ӨКМдин адистеринин жогорку кесипкөйлүгүн белгиледи.

Ирандын президенти ошондой эле Владимир Путинди жана бардык орус жарандарын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен жылуу куттуктады.

Мындан тышкары, 17-январда Пезешкиандын Россияга расмий сапарынын алкагында кол коюлган эки өлкөнүн ортосундагы Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишиминин негизинде орус-иран кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери кеңири талкууланды. Өзгөчө көңүл өз ара пайдалуу соода-инвестициялык мамилелерди, анын ичинде транспорт жана энергетика тармагында биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу кеңейтүүгө бурулду.

Ошондой эле учурдагы эл аралык жана аймактык маселелер, анын ичинде Омандын ортомчулугу аркылуу Иран менен АКШнын ортосундагы Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү боюнча пикир алмашуу болду. Анда эл аралык укуктун принциптерине негизделген адилеттүү макулдашууга жетишүү максатында бул диалогду илгерилетүүгө көмөктөшүүгө орус тараптын даяр экендиги ырасталды.

Андан сырткары президенттер тышкы саясий чөйрөдө орус-иран практикалык кызматташтыгын жана координациясын ар тараптуу бекемдөө боюнча биргелешкен ишти активдештирүү боюнча макулдашышты.