7-майга караган түнү Индиянын куралдуу күчтөрү «Синдур» операциясын баштап Пакистандагы террордук инфраструктурага сокку урду. Жалпысынан тогуз объектке чабуул жасалды. Ислам Республикасы пропорционалдуу эмес сокку менен жооп берерин убада кылды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышты.
Индиянын аракеттери
Пакистан көзөмөлдөгөн Кашмирдин административдик борбору Музаффарабад шаарына жакын жерде бир нече жардыруу болгонун «Reuters» агенттиги күбөлөргө таянуу менен кабарлады.
Кийинчирээк Индия өкмөтү аскерий күчтөр Джамму жана Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн райондорунда тогуз объектке сокку урганын билдирди. Ошол эле учурда Нью-Дели соккулар жалаң гана аскерий буталарга жасалганын жана Пакистан ок атышпоо келишимин кайрадан бузуп жатат деп ырастоодо.
Индиянын кургактагы күчтөрү Пакистанга жасалган соккуну “адилеттиктин салтанаты” деп атады. Коргоо министри Раджнатх Сингх өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн аракеттерин кубаттады.
Индиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү чек арага абадан коргонуунун бардык күчтөрү тартылганын билдиришти.
ANI агентствосунун билдирүүсүнө караганда, Индиянын Куралдуу күчтөрү өз аймагынан Пакистандагы буталарга куралдуу күчтөрдүн үч бутагынын тең так куралдарын колдонуу менен сокку урган. Атылган тогуз бутанын төртөө Пакистанда, калганы Пакистан басып алган Кашмирде болгону айтылды.
Пакистандын жообу
Пакистандын коргоо министри Хаваджа Асиф Индиянын куралдуу күчтөрү карапайым калкты бутага алганын билдирди. Ал пропорционалдуу эмес жооп берүүнү убада кылды. Пакистан аба мейкиндигин 48 саатка жаап, Индиядагы буталарга жооп чабуулдарын жасады. Мындай чечим жарандык инфраструктурага зыян келтиргени жана Индиянын карапайым элге кол салуусунан улам кабыл алынган.
Пакистандын Тышкы иштер министрлиги өлкө БУУнун Уставынын 51-беренесин колдонууга жана “каалаган убакта жана каалаган жерде агрессия актысына” жооп берүүгө укуктуу экенин баса белгиледи. Министрликтин айтымында, Индиянын аракеттери коммерциялык аба каттамдарына олуттуу коркунуч жаратты.
Кесепеттер
Индиялык PTI агенттигинин билдирүүсүнө Караганда, Пакистандын армиясы көзөмөл линиянын боюндагы кыштактарды минометтон интенсивдүү аткылоого киришти.
Пакистандын Пенджаб провинциясында өзгөчө кырдаал жарыяланып, коопсуздук күчтөрү жана медициналык мекемелер күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Жергиликтүү тургундар баш калкалоочу жайларда баш калкалоодо. Полиция эки аял жабыркаганын билдирди. Алардын биринин абалы оор.
Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн Кызматтар аралык коомчулук менен байланыш башкармалыгынын маалыматына караганда, Индия эки мечитке кол салып, кеминде эки киши каза болуп, 12 киши жаракат алды.
SAMAA TV телеканалы Ислам Республикасынын коопсуздук кызматтарындагы булактарына таянуу менен Пакистандын абадан коргонуу кызматы Индиянын аскердик аба күчтөрүнүн Францияда жасалган эки Rafale согуштук учагын атып түшүргөнүн билдирди. Кийинчерээк Хаваджа Асиф Ислам Республикасынын куралдуу күчтөрү Индиянын аба күчтөрүнүн беш учагын атып түшүргөнүн билдирди.
Пакистандын Коргоо министрлигинин өкүлү сегиз киши өлүп, 35 киши жаракат алганын билдирди.
Индиянын News18 телеканалынын маалыматына караганда, Индиянын куралдуу күчтөрүнүн операциясы маалында кеминде 17 террорист өлтүрүлүп, 60 киши жарадар болгон.
Эске салсак, Индия менен Пакистандын тиреши 22-апрелде куралдуу адамдар туристтик Пахалгам шаарында (Индиянн союздук аймактары Жамму жана Кашмир аймагы) террордук чабуул жасашкандан кийин башталган. Андан Индиянын 25 жараны жана бир непалдык каза болуп, көптөрү жарадар болушкан. Кол салгандар качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Индиянын чалгындоо кызматтары Пахалгамдагы “Лашкар-э-Тайба” террористтеринин чабуулуна Пакистандын Кызматтар аралык чалгындоо кызматынын (ISI) тиешеси бар экендигинин далилдерин тапканын “The Hindustan Times” өз булактарына таянуу менен билдирген. Пакистан муну четке каккан.