Пакистан Индияга каршы ири аскердик операция жарыялап, аэродромун талкалаганын билдирди

Бүгүн, 10-май эртең менен Пакистан Индияга каршы “Банян ун Марсус” (Бекем дубал) деп аталган ири аскердик операция баштаганын жарыялап, муну “агрессияга жооп” деп атады.

Индиянын Аскер-аба күчтөрүнүн өкүлү полковник Виоминка Сингх Пакистан армиясы кырдаалды мындан ары курчутууга даярданып жатканын айтты.

Бул эки ядролук державанын ортосундагы чыр-чатактын курчушунун жаңы деңгээлге чыгышы катары бааланып жаткандыгын дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары жазышууда.

Пакистандын Индияга каршы аскерий операциясы жалаң гана коргонуу чарасы болгонун өлкөнүн вице-премьер-министри Исхак Дар Geo TV телеканалына билдирди.

Дар Куралдуу Күчтөр күчөтүлгөн даярдыкта жана аракетке толук даяр экендигин баса белгиледи.

“Биз Индия провокацияларын улантып жатканча күтө албайбыз. Жеңиш Пакистандыкы болот”, – деди вице-премьер-министр.

Ал эми Индиянын Аскер-аба күчтөрүнүн өкүлү полковник Виоминка Сингх Пакистан чабуул операциясын жүргүзүү жана Индия менен чек арадагы кырдаалды курчутуу максатында өзүнүн аскерлерин алдыңкы позицияларга жылдырып жаткандыгын брифинг учурунда билдирди.

“Пакистан өз аскерлерин алдыга карай жылдырып жатканы байкалды, бул кырдаалды мындан ары курчутууга багытталган чабуул ниетин көрсөтүп турат”,- деди Сингх.

Анын айтымына караганда, Индиянын аскерлери дагы эле күжүрмөн даярдыкта экендигин, ошондой эле Пакистандын түн ичинде жасаган аскердик аракеттери натыйжалуу түрдө токтотулгандыгын жана аларга тиешелүү жооптор берилгендигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, Индия менен Пакистандын тиреши 22-апрелде куралдуу адамдар туристтик Пахалгам шаарында террордук чабуулдан кийин башталган.

Буга эл аралык коомчулук тынчсыздануусун билдирүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш эки тарапты сабырдуулукка чакырды.

АКШнын президенти Дональд Трамп кырдаалдын курчушун жөнгө салып, жаңжалды тез арада жөнгө салууга үмүтүн билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жаңжалды деэскалациялоого чакырып, сүйлөшүүлөрдү уюштурууга көмөктөшүүнү сунуштады.

Беларустун Тышкы иштер министрлиги да эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалга реакция кылып, билдирүү жолдоду.

“Беларусь Республикасы биздин өлкөнүн дос мамлекеттери – Индия менен Пакистандын ортосундагы мамилелердин курчушуна терең тынчсызданат. Беларусь Түштүк Азияда туруктуу тынчтыкты жана мамлекеттер ортосундагы талаш-тартыштарды консультациялар, сүйлөшүүлөр жана башка тынчтык жолдор менен чечүүнү ырааттуу жактайт”, – деп айтылат билдирүүдө.