Москва менен Тегеран аскердик-техникалык чөйрөдө кызматташтыкты өнүктүрөт.
Бул тууралуу Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Ирандын Жогорку лидеринин өкүлү, Улуттук коопсуздуктун жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиан менен болгон жолугушууда билдирди.
Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы 21-апрелде орус мамлекетинин башчысы Владимир Путин стратегиялык өнөктөштүк келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койгонун эске салды.
“Документ эки тараптуу мамилелерде, анын ичинде аскердик-техникалык кызматташтыкта өз ара аракеттенүүнү мындан ары сапаттуу кеңейтүү үчүн бекем негиз түзөт”, – деп баса белгиледи Шойгу.
Анын айтымында, эки тараптуу мамилелер эки мамлекеттин жетекчилиги тарабынан белгиленген багыттарга ылайык бардык багытта активдүү өнүгүп жатат.
Ал Россия Федерациясы менен Ирандын президенттеринин үзгүлтүксүз байланышы орус-иран саясий диалогунун жогорку деңгээлин чагылдырат деп кошумчалады.
Эске салсак, 21-майда Ирандын Межлиси (парламент) Россия менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишими боюнча мыйзам долбоорун жактырган.
Эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимге 2025-жылдын 17-январында Ирандын президенти Масуд Пезешкяндын Москвага жасаган сапарынын алкагында кол коюлган. Документке ылайык, тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, коопсуздук жана коргонуу тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого, аймактык жана глобалдык деңгээлдеги иш-чараларды тыгыз координациялоого умтулушат, бул узак мөөнөттүү, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө туура келет.
Ахмадиан Москвага коопсуздук маселелери боюнча жооптуу жогорку өкүлдөрдүн 13-эл аралык жыйынына катышуу үчүн 27-майда келген.
Москвадагы коопсуздук маселелерине жооптуу жогорку даражалуу өкүлдөрдүн 13-эл аралык жолугушуусу 27-майда Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгунун төрагалыгы алдында башталган. Ал “Россия” улуттук борборунда өтүп, үч күнгө созулду. Конференцияга 100дөн ашуун өлкөнүн, негизинен Глобалдык Түштүк жана Чыгыштын делегациялары, ошондой эле КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУ жана башка 14 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишти. Жалпысынан 125тен ашык делегация. Форумда коопсуздук жаатындагы эл аралык кызматташуу маселелери каралды.
Ахмадиан жыйындын алкагында буга чейин Россия президентинин жардамчысы Николай Патрушев менен жолугуп, эки тараптуу келишимдердин аткарылышын талкуулаган.