Ирандын ТИМ башчысы Египетке келди. Саясатчы андан ары Ливанга барат

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Египетке келди. Саясатчы андан ары Ливанга барууну пландоодо.

Аракчи аймактагы бул өлкөлөргө жасаган сапарынын алкагында аймактык маселелерди жана эки тараптуу мамилелерди талкуулай турганын буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багайи билдирген.

Аракчи Каирге 2-майга караган түнү келип, Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси, андан соң Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абдел Ати менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Аракчинин Египетке жана Ливанга сапары 2-3-июнь күндөрүнө пландаштырылганын, эки сапардын алкагында ал эки өлкөнүн жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аймактык маселелер жана эки тараптуу мамилелер боюнча пикир алмашарын билдирген.

Ведомствонун Telegram каналындагы билдирүүдө сүйлөшүүлөрдүн темаларынын бири Палестина маселеси болорун белгиленген.

Февраль айында Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) 2024-жылдын ноябрында Ливан бийлиги менен жетишилген ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуунун негизинде түштүк Ливандан аскерлерин чыгарып бүткөн. Бул макулдашууга чейин бир жыл бою куралдуу жаңжал тынымсыз уланып келген. Бирок Израиль армиясы түштүк Ливандагы беш стратегиялык позицияда калып, аны коопсуздукту көзөмөлдөө кызыкчылыгы менен түшүндүргөн. Акыркы апталарда Израиль түштүк Ливанда “Хезболланын” калган потенциалдарын жок кылуу боюнча так операцияларды жүргүзүп жатат.

29-майда палестиналык ХАМАС кыймылы АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф аркылуу Газа секторунда ок атууну токтотуу боюнча жаңы сунуш алганын билдирди. Ошол эле күнү Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Лэвитт Израиль АКШ сунуштаган Газадагы 60 күндүк убактылуу ок атышууну токтотууга макул болгонун билдирди.

31-майда палестиналык ХАМАС кыймылы Уиткоффтун сунушуна жооп берди — бул жооп туруктуу ок атууну токтотууга жана туткундарды алмашууга багытталган.