Палестинанын “Ислам жихады” кыймылы Израил аскерлеринин гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү борборлоруна жасаган чабуулдарын кескин айыптап, аны уюшкан кылмыш катары мүнөздөп, бул кылмыш израилдик режимдин эч кандай ахлактык баалуулуктарга ээ эмес экенин көрсөткөнүн билдирди.
ISNA агенттиги маалымдагандай, аталган кыймыл билдирүү таратып, сионисттик армия Газа тилкесиндеги палестин элине каршы жүргүзүлүп жаткан геноциддик согуштун алкагында гуманитардык жардамдан, азык-түлүктөн, таза суу жана зарыл муктаждыктардан айрылган карапайым элге каршы согуш кылмыштарын улантып жатканын белгиледи.
Күн мурун эртең менен Израил армиясы Рафахтагы аль-Маваси районунда жайгашкан гуманитардык жардам борборунда жардам алуу үчүн кезек күткөн палестиналыктарга кайрадан ок чыгарып, анын кесепетинен кеминде 27 адам каза таап, 157и жаракат алды.
“Ислам жихады” кыймылынын билдирүүсүндө белгиленгендей, бул кылмыштар — Израилдин жардам борборлорун атайын бутага алып, аларды “ачкачылыктын тузагына” айлантуу саясатынын бир бөлүгү. Акыркы күндөрү жана жума ичинде дал ушундай чабуулдардан улам ондогон бейкүнөө адамдар набыт болду.
Белгиленгендей, мындай аракеттер эл аралык гуманитардык укуктун жана адамдык-ахлактык баалуулуктардын одоно бузулушу болуп эсептелет. Бул кылмыштарга АКШ өкмөтү толук колдоо көрсөтүп, түздөн-түз катышып жатат. Дүйнө болсо эң ырайымсыз жана кыйратуучу согушту сырттан гана карап турат.
Палестинанын “Ислам жихады” кыймылы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин жана Эл аралык кылмыш сотун бул кылмыштарды токтотуу үчүн аракет көрө албагандыгы үчүн айыптап, алардын жоопкерчилигин белгиледи.
Бул эл аралык алсыздык жана араб дүйнөсүнүн бардык деңгээлдеги унчукпай турушу — Израилди жана анын өнөктөшүн палестин элине каршы кылмыштарын улантууга шыктандырып жатат.
Израилдин жардам бөлүштүрүү борборлоруна кол салуусу
Израил армиясы АКШ жана Израилдин көзөмөлүндө иш алып барган “Газага гуманитардык жардам фонду” деп аталган уюмдун алкагында түзүлгөн жардам бөлүштүрүү пункттарына 27-майдан бери кол салууда. Израилдин аскерлери гуманитардык жардам үчүн “буфердик зоналар” деп аталган аймактарга келген жарандарга ок атышкан.
1-июнда да Израил аскерлери Газа тилкесинде палестиналыктардын жардам бөлүштүрүлүшүн күтүп жаткан эки башка аймакты бутага алган. Кол салуулардын натыйжасында 32 адам каза болуп, 232 адам жарадар болгон. Израил тарап шектүү адамдар тобуна эскертүү огу атылганын, андан натыйжа болбогондо танктар менен ок атылганын ырастаган.
Бул трагедия жардам алуу үчүн кезекте турган элге каршы багытталган кезектеги кыргын катары мүнөздөлүп, эл аралык коомчулук тарабынан терең тынчсыздануу менен кабыл алынды. Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык Качкындарга жардам берүү агенттигинин (UNRWA) башкы комиссары Филипп Лазарини “Газага жардам таратуу процесси өлүм тузагына айланганын” билдирди.