CASA-1000 долбоорунун курулушу аяктоодо

Курулушу 2016-жылы башталган CASA-1000 долбоору Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан жана  Пакистанга электр энергиясын экспорттоо үчүн линияларды курууну камтыйт.

Ал эми Пакистан менен Тажикстандын ортосунда электр энергиясын өткөрүү боюнча CASA-1000 долбоору 2026-жылдын декабрына чейин аяктайт.

Бул тууралуу Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министринин орун басары Жамшед Шоимзода билдиргенин Душанбеден Sputnik агенттиги жазды.

Долбоор 2027-жылдын башында пайдаланууга берилет. Электр энергиясын өткөрүү кубаттуулугу 1300 мегаватт болот.

Жамшед Шоимзоданын айтымында, бул долбоор Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын ортосунда электр энергиясын өткөрүүчү линияны түзүп, аймактын өлкөлөрүн таза энергия менен камсыздайт.

Ошондой эле ал бул Пакистандын энергетикалык муктаждыктарын канааттандырууга жана  эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жардам берерин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин Тажикстанга жакында болгон сапарында президент Эмомали Рахмон менен жолугуп, CASA-1000 электр энергиясын өткөрүү долбоорун талкуулаган.

Буга чейин “Талибандын” өкүлдөрү да Дүйшөмбүдө өткөн CASA-1000 жыйынына катышып, долбоорду ишке ашырууну тездетүү боюнча Казакстан, Тажикстан жана Пакистан менен келишимге кол коюшканын билдиришкен.

CASA-1000 долбоору 2016-жылы башталган жана Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо үчүн линияларды курууну камтыйт.

Программанын баасы болжол менен 1,2 миллиард долларды түзөт.

Кошумчалай кетсек, Тажикстан менен Кыргызстандагы электр өткөргүч линиясынын тилкелери ишке даяр, ал эми ооган бөлүгүнүн бүткөрүлүшү күтүлүүдө.

Ага чейин эки өлкөнүн президенттери Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров мамлекеттердин энергосистемаларын бириктирген «Согди-Датка» электр өткөргүч линиясын (500 киловольт) ишке киргизишкени маалымдалган.