Ооганстанда өлкөдөн чыгып кеткен жарандарга мунапыс жарыяланды

Ооганстандын убактылуу премьер-министри Мохаммад Хасан Ахунд мурдагы өкмөт кулагандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен бардык оогандарга мунапыс жарыялап, аларды мекенине кайтууга чакырды.

Маалыматты Haberler.com агенттиги жазды.

Мохаммад Хасан Ахунд бул кайрлуусун Курман айт майрамына карата жолдогон.

Ал өлкөдөн чыгып кеткен бардык оогандыктар мекенине кайтууга эркин экенин жана аларга эч ким зыян келтирбей турганын белгилеген.

“Ата-бабаларыңардын жерине кайтып келгиле жана тынчтыкта жашагыла”,- деген Ахунд.

Ошондой эле мекенине кайткан оогандыктарга тиешелүү кызматтарды көрсөтүү жана турак-жай менен камсыздоо боюнча бийликке тапшырмалар берилгендигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, 2021-жылы АКШ  Ооганстандан чыгып кеткенден кийин көпчүлүк оогандыктар өлкөсүн таштап чыгып кетишкен.

Кошумчалай кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 5-июнда 12 өлкөнүн, анын ичинде Ооганстандын жарандарына АКШга барууга тыюу салган. Ал буга “улуттук коопсуздукка коркунуч келтирди” деген жүйө келтирип, тизмеге дагы көп өлкөлөр кошулушу мүмкүн экендигин эскертти.