Ирандын парламенти Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен кызматташууну токтотуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууну көздөп жатканын спикер Мохаммад Багер Галибаф билдирди.
Бул тууралуу Tasnim агенттиги маалымдады.
“Дүйнө МАГАТЭ эч кандай милдеттенмесин аткарбай, саясий куралга айланганын ачык көрдү”, – деди ал.
Спикердин айтымында, кызматташуу Тегеран бул эл аралык уюмдун профессионалдык жүрүм-туруму боюнча объективдүү кепилдиктерди алганга чейин токтотулат.
Ал белгилегендей, Иран “тынчтык эмес мүнөздөгү” өзөктүк программаны өнүктүрүүгө ниеттенбейт.
Галибаф АКШнын Иранга кол салуусуна да комментарий берди.
“Биз АКШнын кол салуусун Израил режиминин стратегиялык максаттарына жете албаганынын натыйжасы деп караганыбыз менен, биз буга чыдабайбыз. Биз сөзсүз түрдө жооп беребиз”, – деди ал.
МАГАТЭнин инспекторлору Ирандын уран байытуу ишканаларына байма-бай барып турушкан. Иран өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин катышуучуларынын арасында эң текшерилген өлкө болуп саналат. Тегеранда өзөктүк курал жок экенин МАГАТЭ да тастыктап келген. Бирок июнь айынын ортосунда МАГАТЭ Иранга каршы резолюция кабыл алып, анда Иран өзөктүк куралды жайылтпоо режими боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай жатат деп билдирген.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги жана өлкөнүн Атомдук энергия боюнча уюму резолюцияны “саясий жүйөөлүү жана юридикалык жактан негизсиз” деп атап, Тегеран өзүнө алган милдеттенмелерин аткарып жатканын билдирген.
МАГАТЭнин директору Рафаэль Гросси агенттиктик баяндамасы Иранга каршы аскерий аракеттер үчүн негиз боло албастыгын, анда Тегерандын өзөктүк курал жасоо ыктымалдыгы боюнча принципиалдуу жаңы корутундулар же көрсөткүчтөр камтылбаганын билдирген.
Жакынкы Чыгыштагы жаңжал 13-июнга караган түнү курчуган. Анда Израиль Ирандын аймагына кол салып, өлкөнүн аскердик объекттери бутага алынган. Ага жооп катары Ислам Республикасы жөөт мамлекетинин аймагына сокку урган. Ошондон бери тараптар бири-бирине чабуул коюуну улантышкан.
22-июнда бул жаңжалга АКШ кошулуп, Ирандын Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларындагы үч өзөктүк объектиге сокку жасады. Ислам республикасы жооп ирээтинде Катардагы америкалык базага сокку урду.
АКШнын президенти Дональд Трамп 24-июнда эртең менен Иран менен Израилдин ортосунда ок атышпоо келишими күчүнө киргенин жарыялаган. Көп өтпөй Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Израил АКШнын президенти Дональд Трамптын Иран менен эки тараптуу ок атышпоо демилгесин кабыл алганын жарыялаган.
Кийинчирээк Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеши Израил менен ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргенин ырастады.