Трамп: Израил Ирандын ракеталарынан катуу жабыркады

Иран баллистикалык ракеталар аркылуу Израилге чоң зыян келтирди.

Caliber.Az агенттиги түз эфирге шилтеме берип билдиргендей, мындай бааны АКШ президенти Дональд Трамп НАТО саммитинин алкагында уюмдун башкы катчысы Марк Рютте менен жолугушууда билдирди.

«Израил акыркы бир нече күндө өзгөчө катуу жабыркады. Израил баллистикалык ракеталардан катуу жабыр тартты… Көптөгөн имараттар кыйрады», — деди Трамп.

Израилдин Arrow системасы жана ЦАХАЛ резервдери тууралуу акыркы маалыматтар:

— Arrow перехватчиктеринин запасы кескин азайып жатат. АКШнын жогорку даражадагы аткаминерлеринин маалыматына ылайык, учурдагы Иран тараптан болуп жаткан ракеталык чабуулдардын ылдамдыгын эске алганда, Израил менен анын өнөктөштөрүндө 10–12 күнгө жетчү гана коргонуу мүмкүнчүлүгү калган. Эгерде тез арада жаңы ракеталар жеткирилбесе, бул абдан олуттуу коркунуч жаратат.

Израилдин абадан коргонуу системасы запастарынын критикалык деңгээлге жеткени чоң кооптонуу жаратууда. Эгерде тез арада эл аралык жардам көрсөтүлбөсө, же жаңы ракеталар чыгарылбаса, же лазердик технологиялар толук кандуу колдонууга берилбесе, Израиль келечектеги соккулардан өз калкын жана инфраструктурасын коргой албай калуу коркунучу бар.

Израил 13-июнга караган түнү Иранга каршы аскердик операцияны баштаган. Андан бир сутка өтпөй ислам республикасы жооп иретинде чабуул жасаган. АКШ бул жаңжалга тогуз күндөн кийин, тактап айтканда, 22-июнга караган түнү кошулган: америкалык куралдуу күчтөр Ирандагы үч өзөктүк объектке сокку урган.

23-июн күнү кечинде Тегеран Жакынкы Чыгыштагы эң ири америкалык аскер аба базасы — Катардагы Аль-Удейдге ракеталык чабуул жасаган.

Кийинчерээк Дональд Трамп Израиль менен Иран ок атышууну толугу менен токтотууга макул болушканын жарыялады. Келишим боюнча тынчтык режиминин күчүнө кириши 24-июнда башталган.