Иран парламентинин Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен кызматташууну токтотуу чечими Иранга каршы мыйзамсыз кол салууларга жооп болду.
Бул тууралуу Ислам республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи “Al Jazeera” телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул чечим – элдин эркин чагылдырган кадам жана Иранга карата болгон мыйзамсыз чабуулдарга реакция болуп саналат.
Ирандын атомдук объектилери жана окумуштуулары корголушу керектигин белгилеген Багаи тилекке каршы, МАГАТЭ Иранга болгон кол салуулар боюнча тийиштүү позицияны кармаган жок деп билдирди.
“МАГАТЭ ишенимди кайра түзүү үчүн аракет кылышы керек. Биз Иранга болгон чабуулдар боюнча МАГАТЭден ачык жана катуу айыптоо күткөнбүз”, – деди Багаи.
Ислам республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Иран парламенти Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин позициясын шектенүү менен кабыл алууга толук укуктуу экенин кошумчалады.
25-июнда Иран парламенти Тегерандын МАГАТЭ менен кызматташтыгын “Ирандын өзөктүк объектилеринин жана илимпоздорунун коопсуздугу камсыз кылынмайынча” токтотуу боюнча мыйзам долбоорун жактырган.
МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Иран парламентинин кызматташууну токтотуу чечиминен кийин Ирандын агенттик менен кызматташтыгын “мыйзамдуу милдеттенме” деп атап, МАГАТЭнин Ирандагы ишмердүүлүгүн “мүмкүн болушунча тезирээк” кайра баштоосу “бардыгынын кызыкчылыгында” экенин белгиледи.
Буга чейин Ирандын парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф МАГАТЭ эч кандай милдеттенмесин аткарбай, саясий куралга айланганын айткан.
Иран бийликтери МАГАТЭ июнь айынын ортосунда Резолюция кабыл алып, Тегеран өзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча милдеттенмелерин аткарбай жатат деп Израилдин агрессиясына жол ачты деп эсептеди.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги жана өлкөнүн Атомдук энергия боюнча уюму резолюцияны “саясий жүйөөлүү жана юридикалык жактан негизсиз” деп атап, Тегеран өзүнө алган милдеттенмелерин аткарып жатканын билдирген.
МАГАТЭнин инспекторлору Ирандын уран байытуу ишканаларына байма-бай барып турушкан. Иран өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин катышуучуларынын арасында эң текшерилген өлкө болуп саналат. Тегеранда өзөктүк курал жок экенин МАГАТЭ да тастыктап келген.
МАГАТЭнин директору Рафаэль Гросси агенттиктик баяндамасы Иранга каршы аскерий аракеттер үчүн негиз боло албастыгын, анда Тегерандын өзөктүк курал жасоо ыктымалдыгы боюнча принципиалдуу жаңы корутундулар же көрсөткүчтөр камтылбаганын билдирген.
Жакынкы Чыгыштагы жаңжал 13-июнга караган түнү курчуган. Анда Израиль Ирандын аймагына кол салып, өлкөнүн аскердик объекттери бутага алынган. Ага жооп катары Ислам Республикасы жөөт мамлекетинин аймагына сокку урган. 22-июнда бул жаңжалга АКШ кошулуп, Ирандын Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларындагы үч өзөктүк объектиге сокку жасады. Ислам республикасы жооп ирээтинде Катардагы америкалык базага сокку урду.
Тараптардын жаңжалы 12 күнгө созулуп, акыры 24-июнда ок атууну токтотууну макулдашкан.