Япон өкмөтү жакынкы жылдарда кыйратуучу мега жер титирөөнүн ыктымалдыгы жогору экенин эскертти.

Япониянын өкмөтү алдыдагы жылдары өлкөдө кыйратуучу «мега жер титирөө» болушу ыктымал экенин эскертти. Адистердин айтымында, өлкөнүн түштүк-батыш жээгинде жайгашкан Нанкайск тереңдик жаракасы бул апаатка себеп болушу мүмкүн жана анын кесепетинен ири цунами жаралып, триллиондогон доллар зыян алып келиши ыктымал.
Өкмөттүк комиссиянын акыркы эсептөөлөрүнө ылайык, бул аймакта күчү 8ден 9 баллга чейинки жер титирөө болуу коркунучу кийинки 30 жылда 75–82% түзөт. Болжолдоого ылайык, мындай кырдаалда Осака, Вакаяма, Кумамото жана Миядзаки префектураларында сейсмикалык активдүүлүк жогорку деңгээлге жетет. Цунамиден жаралган толкундардын бийиктиги 20 метрден ашышы мүмкүн, бул 2011-жылдагы трагедиядан дагы чоң кыйроолорду алып келиши мүмкүн.
Өкмөт өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу планын жаңыртып, кошумча дамбалардын курулушун, коргоочу курулмалардын бекемделишин, эвакуация үчүн баш калкалоочу жайлардын курулушун, калкты окутуу программаларын кеңейтүүнү жана үзгүлтүксүз машыгууларды өткөрүүнү, ошондой эле эрте эскертүү системаларын жаңыртууну камтыган чараларды көрүүдө.
Япониянын премьер-министри Сигэру Ишиба мындай мүмкүн болгон апаатка даярдык көрүү — мамлекет, жергиликтүү бийликтер, бизнес жана жарандык коомдун биргелешкен иши болушу керек экенин билдирди. Жергиликтүү тургундар менен туристтер арасында кооптонуу жаратуучу негизги жагдай — жер титирөөнүн так убактысы жана жери алдын ала айтылбай тургандыгы.
Буга чейин Японияга болгон туристтик сапарлардын саны белгилүү маалда айтылган жер титирөө божомолуна байланыштуу азайганы кабарланган.