ЕБ жана Кытай Ирандын өзөктүк маселеси боюнча консультацияларды өткөрдү

Брюсселде өткөн 13-раунддагы стратегиялык диалог учурунда Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку комиссары Кая Каллас Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту. Анда Ирандын өзөктүк маселеси жана дипломатиялык жолдорду калыбына келтирүү зарылдыгы талкууланды.

Евробиримдиктин расмий сайтында жарыяланган билдирүүгө ылайык, тараптар Батыш Азиядагы (Жакынкы Чыгыштагы) кырдаал боюнча пикир алмашып, Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалуунун азайганын белгилешти.

Кая Каллас Иранды өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү дароо жандандырууга чакырып, Европа Биримдиги бул процесске көмөк көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Ошондой эле билдирүүдө өзөктүк куралды таратпоо боюнча келишим (ДНЯО) глобалдык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги элементи катары сыпатталды.

Каллас Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөдө Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттиктин (МАГАТЭ) ролун негизги жана маанилүү деп мүнөздөдү.

Ошондой эле ал «Ирандын өзөктүк программасын токтотууга» байланыштуу сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча тез арада улантуу зарылдыгын айтып, Ирандын МАГАТЭ менен кызматташтыгы тууралуу да билдирүү жасады.

Бул билдирүүлөр Ирандын президенти Масуд Пезешкиан тарабынан Атом энергиясы боюнча уюмга, Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешке жана Тышкы иштер министрлигине МАГАТЭ менен кызматташууну токтотуу тууралуу мыйзам кабыл алынганы тууралуу билдирүүдөн кийин жасалды.

Бул мыйзам өткөн жумада Исламдык консультативдик кеңеш тарабынан кабыл алынган жана ага ылайык, МАГАТЭнин инспекторлоруна, анын ичинде уюмдун башкы директоруна Иранга кирүүгө тыюу салынат. Ошондой эле өзөктүк объекттерге камера орнотуу жана башка кепилдик чаралары токтотулат, Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды МАГАТЭге берүү да токтойт.

Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчи Кая Каллас менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, сүйлөшүүлөр жана дипломатиялык процесс учурунда АКШ менен сионисттик режим (Израил) тарабынан аскерий агрессиялар болгонун билдирди. Анын айтымында, дал ушул Америка тарап бул процессти бузган.

Ошондой эле ал Европа өлкөлөрүнүн жана МАГАТЭнин башкы директорунун соңку резолюция боюнча турумун жана Ирандын тынчтык максатындагы өзөктүк объекттерине жасалган кооптуу чабуулдарга карата алардын унчукпай турушун сындады. Аракчи мындай мамиле дипломатиялык аракеттерди татаалдаштырып, сүйлөшүүлөр үчүн терс шарт түзөрүн эскертти.