Индиядагы суу ташкындарынан 69 адам каза болду

Химачал-Прадеш штатындагы жамгырлардан келтирилген зыян 46 миллион долларга бааланууда.

Индиянын түндүгүндө жайгашкан Химачал-Прадеш штатында катуу муссондук жаан-чачындардан улам келип чыккан суу ташкындар жана жер көчкүлөрүнүн кесепетинен каза болгондордун саны 69га жетти.

Нью-Делидеги NDTV телеканалы кабарлагандай, бул штат 20-июндан бери муссон жамгырларынын таасиринде калууда.

20-июндан 3-июлга чейинки аралыкта катуу жаан-чачындан улам келип чыккан кырсыктардан 69 адам каза болуп, 110 адам жаракат алды.

Штаттын ар кайсы аймактарында дайынсыз болуп жаткан 37 адамды издөө жана куткаруу иштери улантылууда. Ошондой эле шамал жана суу каптоолордон улам 250дөй жол жабылып калган.

Индиянын Метеорологиялык департаменти (IMD) Химачал-Прадеш боюнча жарыялаган эскертүүдө, катуу жаан-чачын 7-июлга чейин уланышы мүмкүн экени айтылган.

Times of India басылмасы билдиргендей, жамгырдан келтирилген жалпы зыян 46 миллион долларга бааланууда.

Химачал-Прадеш штатынын башкы министри Сухвиндер Сингх Сукхунун билдирүүсүндө, жаан-чачындардан улам бир катар инфраструктуралык объектилер жабыркап, айрым аймактарда электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын белгиледи.

Түштүк Азияда, анын ичинде Индияда, июнь-сентябрь айларында жааган муссондук жамгырлар ар жыл сайын ири табигый кырсыктарга жана аварияларга себеп болууда.