ХАМАС Газада ок атышууну токтотуу боюнча сунуштарга “оң жооп” бергенин билдирди

Бул сунушка Тель-Авив азырынча расмий билдирүү жасай элек.

ХАМАС кыймылы Газада Израил менен ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмашуу боюнча сунуштарга ортомчулар аркылуу “оң жооп” бергенин жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.

ХАМАС тарабынан таратылган жазма билдирүүдө бул жооп Палестинанын саясий топтору менен кеңешүүлөрдөн кийин берилгени айтылган.

«ХАМАС ортомчулардын сунушуна оң жооп берип, бул сунушту ишке ашыруу үчүн дароо жана олуттуу сүйлөшүүлөрдү баштоого толук даяр», — деп айтылат билдирүүдө.

Израил тарап — Тель-Авив — азырынча бул боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 5-июль күнү кечинде коопсуздук жана саясий маселелер боюнча министрлер кабинетинин жыйынын өткөрөт. Бул жыйын 7-июлда Ак Үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен боло турган жолугушуунун алдында өтөт.

АКШ президенти Дональд Трамп Израил Газада 60 күндүк ок атышпоону камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды кабыл алганын билдирген.

Президент ошондой эле Катар менен Египет — ок атышпоону токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн ортомчулары — ХАМАСка “акыркы сунушту” беришерин белгилеген.