Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Азербайжан менен Россиянын ортосундагы чыңалууну жакындан байкап, эки тарапты сабырдуулукка чакырганын белгиледи. Ал бул маселени азербайжандык кесиптеши Илхам Алиев менен талкуулаган.
Бул маалыматты РИА Новости жазды.
“Түркиянын Азербайжан менен да, Россия менен да терең дипломатиялык жана стратегиялык карым-катнаштыгы бар. Биз чыңалууну жакындан байкап жатабыз жана эки өлкөнү сабырдуулукка чакырабыз”, – деди президент журналисттерге жооп берип жатып.
Ал дипломатиялык чыңалууну басаңдата турган билдирүүлөр аркылуу маселе жөнөкөй жана акылмандык менен чечилерине ишеним артып, эки өлкөнүн мамилесиндеги терс көрүнүштөр мүмкүн болушунча эртерээк токтойт деген үмүтүн билдирген.
Түрк президенти Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммитинде Илхам Алиев менен жолугушуунун күн тартибине Баку менен Москванын мамилеси боюнча маселе киргизилгенин тактаган.
Муну Anadolu агенттиги да жазды.
“Ильхам Алиев бул жагдайда өтө этият жана кыраакы кадамдарды жасап жатат. Ал бул көйгөйдү курчутууга кызыкдар эмес. Мен анын билдирүүлөрүнөн макулдашууга умтулганын түшүндүм», – деген Эрдоган.
Эодогандын айтымында, жагымсыз окуялар Россия менен Азербайжандын мамилесине орду толгус зыян алып келбеши керек.
Эскерте кетсек, 4-июлда Азербейжанда Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 17-саммити өттү.
Саммитке ЭКУга мүчө мамлекеттердин мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле 10 мүчө мамлекеттин министрлери катышты.