Россия Ирандын айланасындагы кырдаалды турукташтыруу аракеттерин улантат

Россия Ирандын аймагындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча аракеттерин улантат.

Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин орун басары Сергей Рябков маалымат жыйынында билдирди.

“Биз бул маселелер боюнча МАГАТЭ менен байланыштабыз. Мен муну ортомчунун ролу деп атабайт элем. Биздин ролубуз мындан кеңири. Биз жөн гана жакшы кызматтарды көрсөтүп, бир өлкөдөн экинчи өлкөгө сигналдарды жеткирип жаткан жокпуз. Бул да болот, бирок бул негизги нерсе эмес. Негизгиси – кырдаалды турукташтырууга багытталган чечимдерди табууга көмөк көрсөтүүбүз”, – деди Рябков.

Ал ошондой эле Россия бул багыттагы аракеттерди мындан ары да улантууну көздөп жатканын белгиледи.

Рябков Москва бул кырдаалга тиешеси бар бардык тараптар менен интенсивдүү диалог жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Буга байланыштуу ал Ирандын айланасындагы кырдаал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун 10-июлдагы жолугушуусунун темаларынын бири болгонун эске салды.

“Бизде Ирандан байытылган уран продуктусун алып чыгып, аны Россияда кайра иштеп, атомдук электр станциялар үчүн отун кылып пайдалануу сыяктуу конкреттүү сунуштар бар. Жана дагы көп нерселер. мындай издөө иштери МАГАТЭ аркылуу да жүргүзүлүүдө. Ортомчу болуу — биз жасап жаткан аракеттердин бир бөлүгү гана”, — деп жыйынтыктады Рябков.