Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Аббас Арагчинин жолугушуусу болуп өттү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында иран тараптын демилгеси менен өткөрүлдү.
Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.


Тараптар үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде Тегеранда өткөн Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 14-отурумунун жыйынтыгын канааттануу менен билдиришти.
Мындан тышкары, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү, ошондой эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы азыркы кырдаал боюнча пикир алмашышты.
Мунун алдында министрлер КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен болгон жамааттык жыйынына катышкан. Жолугушууга ошондой эле Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын тышкы иштер ведомстволорунун башчылары да катышышты.