Израилдин блокадасынан улам Газа секторундагы ачарчылык катастрофалык масштабга жетти.
Бул тууралуу палестиналык ХАМАС өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
«Газадагы ачарчылык сионисттик армиянын уланып жаткан блокадасынан улам катастрофалык деңгээлге жетти. 21 айдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан Газадагы фашисттик оккупациялык өкмөттүн ачарчылыкты курал катары колдонуусу жана негизги жашоого керектүү нерселерден ажыратуусу геноцид куралы катары заманбап тарыхта бейкүнөө балдарга жана жарандарга жасалган эң оор кылмыштардын бири болуп саналат»,-деп айтылат билдирүүдө.
ХАМАС эл аралык коомчулукту Израилдин блокадасын токтотуу боюнча шашылыш чараларды көрүүгө чакырды.
«Биз араб-ислам өлкөлөрүнөн жана БУУдан блокаданы алып салуу, азык-түлүк жана гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз киришин камсыз кылуу, массалык өлтүрүүлөрдү, геноцид жана ачарчылыкты токтотуу үчүн тез арада чара көрүүнү талап кылабыз», – деп баса белгиледи Палестина кыймылы.
Буга чейин, ушул жуманын башында, Катардык Al Jazeera телеканалы Израилдин курчоосу Газада 2,1 миллион адамды ачарчылыктын чегине жеткиргенин билдирген.
2025-жылдын 2-мартынан бери Израилдин чечими менен Газа секторуна эл аралык гуманитардык жардам жетпей, бардык көзөмөл-өткөрмө пункттары жабылып турат.
Андан бери аймактагы 2 миллионго чукул адамга гуманитардык жардам, анын ичинде азык-түлүк, дары-дармек киргизилбей калган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху анклавга чектелүү көлөмдөгү гуманитардык жардамды өткөрүү чечимин жарыялаган. Эл аралык уюмдар жеткирилген жана уруксат берилген жардамдын көлөмүн океандын бир тамсына салыштырышкан.
БУУ буга чейин Газадагы гуманитардык абалга тынчсыздануусун билдирип, азык-түлүк, дары-дармек эң жакын арада жеткирилбесе, анын арты апаатка алып келерин эскертүүдө.
18-майда Израилдин армиясы Газанын түндүк жана түштүк райондорунда кеңири масштабдуу кургактагы «Гидеондун арабалары» операциясы башталганын жарыялаган. Анын максаты ХАМАС кыймылын толук талкалоо жана анклавда барымтада кармалып турган бардык израилдик туткундарды бошотуу деп жарыяланган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху операциянын жыйынтыгында Газа секторунун толук аймагын көзөмөлгө алуу пландалып жатканын билдирген.