Австралия Газа секторуна 13 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жардам бөлөрүн жарыялады. Бул каражат азык-түлүк жана зарыл болгон күнүмдүк товарларды жеткирүүгө жумшалат.
Al Jazeera агенттиги кабарлагандай, бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Пенни Вонг билдирүү таратты.
«Австралия кошумча түрдө 20 миллион австралиялык доллар (13 миллион АКШ доллары) бөлөт. Бул каражаттар тез жардам жеткире алган уюмдарды каржылоого жумшалат — мисалы, убактылуу ооруканалар үчүн дары-дармек, аялдар жана балдар үчүн азык-түлүк жана башка керектүү жардам», — деп айтылат министрдин билдирүүсүндө.
Бул жардам төмөнкү уюмдар аркылуу жеткирилет:
- БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP),
- ЮНИСЕФ,
- Эларалык Кызыл Крест комитети,
- Иорданиянын кайрымдуулук фонду.
Министр Пенни Вонг белгилегендей, Канберра Израилге эл аралык коомчулук менен бирге Газага гуманитардык жардамды толук жана дароо жеткирүүгө жол ачууга чакырык таштайт.