Индонезия Газанын жабыркаган тургундарын Галанг аралына убактылуу жайгаштырат

Индонезия бийлиги Газа секторундагы согуштан жабыркаган болжол менен 2 миңге жакын тургунду Риау архипелагындагы Галанг аралына убактылуу жайгаштырып, аларга керектүү жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Азия өлкөсүнүн президентинин басма сөз катчысы Хасан Насби билдирди.

“Индонезия президенти (Прабово Субианто) согуштун курмандыгы болгон, анын ичинде бомбадан жаракат алгандар же урандылар астында калган адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган Газанын болжол менен 2 миң тургунуна медициналык жардам көрсөтүү боюнча буйрук берди”, – деген Насбинин сөзүн Jakarta Globe гезити келтирет.

Ал бул эвакуация эмес, медициналык дарылоо экенин жана бардык бейтаптар айыккандан кийин кайра Газа секторуна кайта турганын баса белгиледи.

Басма сөз катчынын айтымында, Галанг аралында 1979-жылдан 1996-жылга чейин Вьетнамдагы согуштан качкан качкындар жайгаштырылган, ал эми COVID-19 пандемиясы учурунда бул жерде ооруну жуктурган бейтаптар болгон.

“Биз Галанг аралында медициналык жардам көрсөтүү борборун түзүүнү көздөп жатабыз, анткени бул жерде ооруканалар жана зарыл болгон курулмалар бар. Мындан тышкары, Галанг аралы биздин жарандар жашаган башка аралдардан бөлүнүп турат”, – деп кошумчалады ал.

Буга чейин Индонезия президенти республика Газа секторунан жарадар болгондорду жана жетимдерди өз аймагында убактылуу жайгаштырууга даяр экенин билдирген.

Ошол эле учурда, өлкөнүн аалымдар кеңеши өкмөттү жабыркагандарды жайгаштыруу пландарын кайра кароого чакырып, президенттин сунушун Палестинанын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүнө тескери натыйжа берет деп билдиришти.