Ушул жылдын 9-сентябрында iPhone 17 версиясынын бет ачары болот. Бул тууралуу Apple компаниясынын расмий сайтында жарыяланды.
Apple смартфондорунун презентацияларын сентябрда өткөрүүнү салтка айландырган. Мисалы, 2024-жылы iPhone 16 версиясы 9-сентябрда көрсөтүлсө, быйыл да презентация 9-сентябрда өтө турган болууда.
Бул жолку иш-чарада төмөнкүлөр көрсөтүлүшү күтүлүүдө:
• iPhone 17 Air – калыңдыгы болгону 5,5 мм болгон ультра жука смартфон;
• 6,3 дюймдук экран жана 120 Гц жыштыгы менен iPhone 17;
• iPhone 17 Pro 48 МП телефото линзасы жана чагылууга каршы каптоосу менен;
• iPhone 17 Pro Max чоңойтулган батареясы менен.
Ошондой эле жаңы Apple Watch (Series 11, Ultra 3, SE 3) жана AirPods Pro 3 да көрсөтулүүсү күтүлөт. Бул иш-чаранын темасы – “Таң калтыруу” деп атаалаары жарыяланды.
Инсайдерлер Apple смартфондорунун жаңы муунунан революция күтпөй эле койсо болоорун эскертишет. Анткени акыркысында бир аз өзгөрүүлөр бар, ал сырткы көрүнүшүндө болушу мүмкүн дешет.
Азырынча iPhone 17нин баалары тууралуу так маалымат жок. Apple бир нече жылдан бери смартфондордун негизги версияларынын баасын өзгөрткөн жок жана баанын жогорулашы тууралуу кептер үзгүлтүксүз болуп келген.
Ушул жылдын апрель айынан баштап АКШ көптөгөн өлкөлөргө кошумча алымдарды киргизгендиктен, алдыда бул аппараттардын баасы өсүп кетиши мүмкүн. Бирок, электроникалык товарлар бир канча түрлөрү көп өтпөгөндүктөн, мындай чектөөлөрдөн бошотулган. Ошого карабастан, талдоочулар Pro жана Pro Max версияларынын баасы 50 долларга кымбатташы мүмкүн деп эсептешет.