Газа секторунда жарым миллиондон ашуун адам толук масштабдуу ачарчылыктын шартында калып, катуу арыктоо жана өлүм көбөйүүдө. Бул тууралуу Азык-түлүк коопсуздугунун фазаларын интегралдык классификациялоо боюнча адистердин жаңы отчетунда айтылды.
Алардын божомолуна караганда, жакынкы жумаларда ачарчылык Газанын провинцияларынан Дейр-эль-Балах жана Хан-Юнус аймактарына жайылышы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун жаңылыктар сайты билдирди.
Ачарчылыктын толук масштабдуу деп таанылышы үч критикалык чекке жеткенин билдирет: азык-түлүктүн өтө катуу тартыштыгы, курч жетишсиз азыктануулар жана арыктоодон улам өлүмдөр. Анализде бул шарттардын баары Газада буга чейин эле байкалганы ырасталды.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш болуп жаткан кырдаалды «кол менен жасалган кырсык, моралдык өкүм жана адамзаттын уятсыздыгы» деп атады.
«Массалык ачарчылык — бул жөн гана тамак-аштын тартыштыгы эмес; бул адам жашоосу үчүн зарыл болгон системалардын атайылап кыйрашы. Адамдар ачка. Балдар өлүп жатат. Ал эми чара көрүшү керек болгондор аракетсиз», — деди Гутерриш.
Ал Израил оккупациялоочу держава катары эл аралык укуктун талаптарын аткарышы керектигин, анын ичинде калкты азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыз кылууга милдеттүү экенин эскертти.
«Бизге дароо ок атышууну токтотуу, бардык барымтадагыларды бошотуу жана толук, тоскоолдуксуз гуманитардык жеткиликтүүлүк зарыл», — деп баса белгиледи Башкы катчы.
БУУнун гуманитардык маселелер боюнча жетекчисинин орун басар башкы катчысы Том Флетчер ачарчылык эң биринчи кезекте эң аялуу катмарга сокку уруп жатканын айтты:
«Ачарчылык адамдын кадыр-баркын өмүрүнөн мурда тартып алат. Ал ата-энелерди кайсы баласын багарын тандоого мажбурлайт. Ал адамдарды тамак издеп өмүрүн тобокелге салууга аргасыз кылат», — деди ал Женевада.
Флетчер бардык чек ара өтмөктөрүн дароо ачууга жана БУУга азык-түлүк менен зарыл товарларды эркин жана жетиштүү көлөмдө жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
Ошондой эле ФАО, ЮНИСЕФ, ДССУ жана Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП) шашылыш чара көрүүгө чакырышты. БУУ адистеринин эсеби боюнча, сентябрдын аягына чейин 640 миңден ашуун газанын тургуну азык-түлүктүн катастрофалык деңгээлдеги жетишсиздигине (5-фаза) туш болот, дагы 1,14 млн адам өзгөчө кырдаалда (4-фаза), ал эми 396 миң адам кризистик абалда (3-фаза) калат.
Бир эле июль айында балдар арасында курч жетишсиз азыктануунун 12 миңден ашуун учуру катталды — бул тарыхтагы эң жогорку айлык көрсөткүч.
Газадагы саламаттыкты сактоо системасы кыйроонун алдында турат: таза суу жана санитарияга жеткиликтүүлүк чектелген, антибиотикке туруштук берген инфекциялар өсүүдө. Балдар арасында ичи өткөк, ысытма, дем алуу жана тери оорулары көбөйгөн.

1 of 5
-+

Аскердик кылмыштар мүмкүнчүлүгү
БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк кризис «Израил өкмөтүнүн түздөн-түз аракеттеринин натыйжасы» экенин айтты. Анын айтымында, Израил калктын жашоосу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам менен товарларды мыйзамсыз чектеп жатат.
«Ачарчылыкты согуш ыкмасы катары колдонуу — аскердик кылмыш. Андан келип чыккан өлүмдөр болсо атайылап киши өлтүрүү болуп да эсептелиши мүмкүн», — деди Тюрк.
23-августта Израилдин аткылоолорунун жана ракеталык соккуларынын кесепетинен Газада жок дегенде 33 адам каза тапты. Көп учурда соккулар көчүрүлгөн адамдардын лагерлерине жана гуманитардык жардам таратуучу жайларга урулат, бирок Израил муну четке кагууда.
Израил Газада калган барымтадагыларды бошотуу үчүн жаңы кургактагы операция башталганын билдирди. Тель-Авивдин маалыматына караганда, ХАМАСтын колундагы израилдик туткундардын 20сы тирүү болушу мүмкүн, дагы 30у каза болгон деп болжолдонууда.
Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху барымтадагыларды бошотуу жана согушту Израилдин шарттарында токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону буйруганын айтты. Бул шарттардын ичинде Палестина мамлекетин түзүүгө жол берилбейт.
Ал эми ХАМАС согушту токтотуу жана Палестина мамлекетин түзүү шарты менен барымтадагыларды бошотууга даяр экенин билдирди.
Израиль 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын өлкөнүн түштүгүнө кол салуусунан кийин Газада аскердик операция баштаган. Ал күнү 1300гө жакын израилдик жана чет өлкөлүк жарандын өмүрү кыйылып, 252 киши барымтага алынып кеткен. Ошондон бери 150 барымтадагы адам бошотулуп, 80ге жакыны каза болгон.
2025-жылдын башында Израил Газаны транспорттук блокадага алып, секторго гуманитардык жардам жеткирүүгө гана уруксат берген. Бирок дээрлик толугу менен кыйраган анклавда бул жардам катастрофалык түрдө жетишсиз бойдон калууда.
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, согуш маалында 62,6 миңден ашуун палестиналык курман болду.