Израилдин Газа тилкесиндеги Хан Юнистеги “Насер” ооруканасына абадан жасаган соккусу 20 адамдын, анын ичинде журналисттер менен медицина кызматкерлеринин өмүрүн алды. Дүйнөлүк коомчулук бул окуяны катуу айыптап, ооруканага жана бейкүнөө адамдарга каршы кол салууну “кабыл алынгыс” жана “үрөй учурарлык” трагедия катары баалады.
Ооруканага жасалган алгачкы соккудан кеминде бир адам каза тапса, куткаруучулар менен журналисттер окуя болгон жерге келгенден бир нече мүнөт өткөндөн кийин болгон экинчи соккудан башкалары каза болгон. Беш журналист Associated Press, Reuters, Al Jazeera жана Middle East Eye сыяктуу эл аралык маалымат каражаттарында иштешкен.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху окуяны Израил “терең өкүнгөн” “трагедиялуу окуя” деп атап, аскерлер “тыкыр иликтөө жүргүзүп жатканын” билдирди.
Дүйнө коомчулугунун реакциясы
- БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын өкүлү Тамин Аль-Китан бул чабуулдарды “кабыл алынгыс” деп атап, көз карандысыз жана кылдат иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Ал ошондой эле кагылышуу башталгандан бери Газа тилкесинде кеминде 247 палестиналык журналисттин өлтүрүлгөнүн эске салды.
- БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш “Насер” ооруканасындагы «үрөй учурган өлтүрүүнү» кескин айыптап, дарыгерлер менен журналисттер өз милдетин аткарып жатып өзгөчө коркунучка дуушар болуп жатканын белгиледи. Ал тез жана калыс иликтөө жүргүзүүнү талап кылды.
- 25-августта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус соккудан кеминде 20 адам каза болуп, 50 киши жарадар болгонун билдирген. Уюмдун маалыматына ылайык, чабуулдан ооруканадагы тез жардам бөлүмү, стационардык жана хирургия бөлүмдөрү олуттуу жабыркаган.
- Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык Качкындарга жардам берүү агенттигинин (UNRWA) башкы комиссары Филипп Лазарини Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларынын алдында эл аралык коомчулуктун кайдыгерлиги жана аракетсиздиги үрөй учурарлык экенин баса белгиледи.
- Израилдин Коргоо күчтөрүнүн соккусунан журналисттердин өлтүрүлүшүн Индия да айыптады.
“Журналисттердин өлтүрүлүшү үрөй учурарлык жана терең өкүнүчтүү. Индия ар дайым кагылышууларда жай тургундардын курман болушун айыптап келет”, – деп айтылат Индиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Рандхир Джайсвалдын билдирүүсүндө.
- Нидерланддын Тышкы иштер министрлиги Израилди Газадагы ооруканага абадан сокку уруунун жагдайларын аныктоо үчүн бардык аракеттерди көрүүгө чакырды.
“Израилдин Газадагы ооруканага жасаган чабуулу, анын ичинде журналисттер жана медицина кызматкерлери болгон 20 адамдын өмүрүн алган кабарлар үрөй учурарлык. Эч качан карапайым калк бутага алынбашы керек. Бул трагедия кандай болушу мүмкүн экенин аныктоо үчүн бардык аракеттерди көрүү керек”, – деп айтылат министрликтин X баракчасындагы билдирүүсүндө.
- “Насер” ооруканасына сокку урууну Европа Биримдиги да айыптады.
“Израилдин Насер ооруканасына жасаган чабуулу таптакыр кабыл алынгыс. Дарыгерлер жана журналисттер өз иштерин аткаруусу үчүн мүмкүнчүлүгү болушу керек”, – деп айтылат Еврокомиссиянын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.