Телефонду эрте колдонуу балдардын өнүгүүсүнө коркунуч туудурат

Түркиянын эң ири мамлекеттик  университетинин (OMÜ) Саламаттыкты сактоо илимдер факультетинин Балдарды өнүктүрүү бөлүмүнүн доценти Яшар Барут балдарды санариптик аппараттар менен эрте тааныштыруу алардын психикалык, эмоционалдык жана социалдык өнүгүүсүнө олуттуу терс кесепеттерди алып келиши мүмкүндүгүн билдирди.

Бул тууралуу Anadolu агенттиги жазды.

Барут өз билдирүүсүндө, өзгөчө наристелердин 0-6 жаштагы балдардын экран алдында өткөргөн убактысы өнүгүү үчүн чоң тобокелдиктерге алып келе тургандыгын айткан.

“Балдарды телефон менен эрте тааныштыруу, өзгөчө мээнин эң активдүү өнүгүү мезгилинде –  6 жашка чейин терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул курактагы адамдар үчүн тажрыйба, ойноо жана адамдар менен баарлашуу аркылуу үйрөнүү өтө маанилүү. Телефон сыяктуу пассивдүү экрандар сүйлөөнүн өнүгүүсүнүн, түшүнүүнүн жана эмоцияларды билдирүүнүн артта калышына алып келет”, – деп белгилеген окумуштуу.

Адистин айтымында, телефон жана планшеттерди көпкө колдонуу балдардын көңүл буруусуна, уйкусунун бузулушуна жана социалдык жөндөмүнүн начарлашына алып келет. Ошондой эле илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, экрандын көпкө турушу гиперактивдүүлүк, уйку көйгөйлөрү жана балдардын социалдык адаптациясынын кыйындашы менен байланыштырылат.

“Санариптик мазмундагы визуалдык сүрөттөрдүн тез өзгөрүшү көңүл бурууну кыскартат. Мындан тышкары, көк жарык уйку гормондорун иштеп чыгууну басаңдатып, уктап кетүүнү кыйындатат. Түз байланышты экран менен алмаштыруу балдардын социалдык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет”, – дейт Яшар Барут.

Ал кошумчалагандай, телефонду “тынчтандыруучу” же сыйлык берүү каражаты катары колдонуу балдардын эмоционалдык өзүн-өзү жөнгө салуу жөндөмүнүн өнүгүшүнө тоскоол болот.

Анын айтымында, бала оор эмоцияларды сырткы каражаттар менен басууга көнүп калгандан кийин кийинчерээк бул стресс, тынчсыздануу же агрессия көйгөйлөрүнө алып келиши мүмкүндүгү жогору.
Мектепке чейинки куракта экрандын убактысы күнүнө бир сааттан ашпашы керек. Телефондун ордуна балдарды китеп окууга, сыртта ойноого жана чыгармачылык менен алектенүүгө үндөш керек.

Буга чейин 13 жашка чейин телефон колдоно баштаган өспүрүмдөр бойго жеткенде көп тынчсызданып, жалгызсырап өзүнө кол салуу жөнүндөгү ойлорго көбүрөөк жетеленери боюнча Journal of Human Development and Capabilities журналына жарыяланган.

Маалыматта белгиленгендей, жаңы глобалдык изилдөөгө 163 өлкөдөн жана аймактардан 100 миңден ашык бала катышкан.

Талдоонун жыйынтыгына караганда, бала смартфонду канчалык эрте “колуна алса” өспүрүм кезинде психикалык жактан жабыркоо коркунучу ошончо жогору экени белгиленген.