АКШнын президенти Дональд Трамп Россия, Индия жана Кытайга биргелешип узак мөөнөттүү жана гүлдөп өнүккөн келечек кааларын айтты.

Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social сайтына жазганын РИА Новости жарыялады.
“Биз Индия менен Россияны Кытайга алдырып койдук окшойт. Аларга бирге узак жана гүлдөп-өнүккөн келечек каалайм”, – деп жазган ал.
Трамп Россиянын президенти Владимир Путиндин, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жана Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин сүрөтүн колдонгон.
Ушул аптада Кытайдын Тяньцзинь шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине Кытай, Россиянын жана Индиянын лидерлери катышты.
Буга чейин Трамп Пекиндеги аскердик парад тууралуу пикирин билдирип, Россияны Кытай менен Түндүк Кореяны Америкага каршы “кутум” уюштуруп жатат деп айыптаган. Ошол эле учурда Кытай лидерин АКШнын Экинчи дүйнөлүк согушта көрсөткөн жардамы тууралуу сөз козгойбу деген кызыгуусун билдирип, ал аркылуу Путин менен Ким Чен Ынга ысык саламын жолдогон.