Пашиняндын учагы биринчи жолу Азербайжандын үстүнөн учуп өттү

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын учагы чет элдик сапарында биринчи жолу Азербайжандын аба мейкиндигин пайдаланганын Армениянын премьер-министринин басма сөз катчысы Назели Багдасарян билдирди.

«Армениянын премьер-министринин учагы 30-августтан 31-августка караган түнү Азербайжандын аба мейкиндиги аркылуу чет элдик сапарга чыгып, 6-сентябрга караган түнү Арменияга кайтып келди», – деп жазды Багдасарян Facebook баракчасына.

Анын айтымында, 8-августта Вашингтондо тынчтык орногондон кийин Армениянын тиешелүү органдары премьер-министрдин учагынын учуусу үчүн Азербайжандан аба коридорун сурап, оң жооп алган.

«Биз бул фактыны аймактагы коммуникацияларды бөгөттөн чыгаруу, тынчтык күн тартибин алдыга жылдыруу жана өз ара ишеним атмосферасын түзүү үчүн жасалган практикалык кадам катары карайбыз», – деди Багдасарян.

Ал Азербайжандын учактары көптөн бери Армениянын аба мейкиндиги аркылуу Азербайжандын негизги бөлүгү менен Нахчыван Автономиялык Республикасынын ортосундагы байланышты камсыздап келгенин эске салды.

Августтун аягында Пашинян ШКУнун саммитине катышуу үчүн Кытайга барып, андан соң Японияга барган.

Августтун башында Пашиняндын АКШ жана Азербайжандын президенттери Дональд Трамп жана Илхам Алиев менен Вашингтондогу жолугушуусунан кийин Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн ортосундагы тынчтыкты жана мамлекеттер аралык мамилелерди орнотуу боюнча макулдашуунун текстин парафировкалоо жөнүндө декларация кабыл алынган.

Ереван ошондой эле АКШ жана үчүнчү тараптар менен Азербайжанды Армениянын аймагы аркылуу Нахчыван автономиясы менен байланыштырган “Эл аралык тынчтык жана гүлдөп өнүгүү үчүн Трамп жолун” түзүү боюнча кызматташууга макул болгон.