Европа комиссиясы Газа секторундагы улантылып жаткан аскерий чабуул жана Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги оккупациянын кеңейиши үчүн Израилге каршы санкцияларды киргизүү боюнча сунуштар пакетин жарыя кылды. Брюсселдин билдирүүсүндө, Израилдин аракеттери ЕБ менен Израилдин ассоциациялык келишимин бузууда.
Чаралар ХАМАС уюмунун он мүчөсүнө жана Израил өкмөтүнүн эки ультра оңчул министри — коопсуздук министри Итамар Бен Гвир жана каржы министри Бецалель Смотричке — Батыш жээкте зомбулукка үндөгөндүгү үчүн санкцияларды камтыйт.
Санкциялар жөнүндөгү чечим «Газадагы гуманитардык кырдаалдын тез начарлашына», гуманитардык жардамдын тосулушуна жана Израилдин жер үстүндөгү чабуулунун уланышы менен байланыштуу. Ошондой эле ЕБ Израил бийлигинин отурукташуу аймактарын кеңейтүү планын негиз катары келтирди.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен ок атууну тез арада токтотуу, гуманитардык жардамга тоскоолдуксуз мүмкүнчүлүк берүү жана ХАМАС тарабынан кармалган бардык туткундарды бошотуу зарылчылыгын белгиледи. Ошондой эле ал Израил менен соода жеңилдиктерин убактылуу токтотууну жана экстремисттик министрлерге жана агрессивдүү отурукташкандарга санкция киргизүүнү сунуштады, бирок Израилдин жарандык коомунун ишине жана Холокост мемориалы «Яд Вашемге» тийбөөнү белгиледи.
Эгер сунушту ЕБге мүчө мамлекеттер колдосо, Израил менен преференциалдык соода келишими токтотулат. Азыр бажыдан бошотулган товарлардын болжол менен 37%ы салыктарга тартылып, Израилдин жылдык бажы төлөмдөрү болжол менен 227 млн еврого көбөйөт.
ЕБ Израилдин эң ири соода өнөктөшү болуп саналат: 2024-жылы Израил экспортуна ЕБ өлкөлөрүнүн үлүшү 32% түзгөн. ЕБ менен Израилдин жалпы соода көлөмү 42,6 млрд евро болуп, анын ичинен ЕБ Израилден 15,9 млрд евролук товар импорттогон.