Франциянын ички иштер министри Брюно Ретайонун айтымында, өлкөдө 18-сентябрда өткөн социалдык колдоону кыскартууга каршы массалык нааразылык акциялары учурунда 309 адам кармалып, алардын 134ү камакка алынган.
Анын маалыматына ылайык, өлкө боюнча болжол менен 700 митинг уюштурулган. Жалпысынан аларга 500 миңдей адам катышкан, анын ичинде 55 миңи — Парижде. Протесттерди көзөмөлдөө үчүн көчөлөргө 80 миңдей полиция кызматкери чыгарылган. Ошол эле учурда Франциянын эң ири кесиптик бирикмеси — «Бардык эмгекчилердин конфедерациясынын» (ВКТ) маалыматы боюнча, нааразылык акцияларына бир миллионго жакын адам катышкан.
Демонстранттар социалдык колдоону кыскартууга багытталган бюджеттик чараларды жокко чыгарууну, мамлекеттик кызматтарга чыгымдарды көбөйтүүнү жана бай адамдар үчүн салыктарды жогорулатууну талап кылышты. Ошондой эле алар 2023-жылы кабыл алынган пенсия реформасын жокко чыгарууну талап кылышты, анткени ал пенсия курагын жогорулаткан. Нааразылык акцияларына ар кандай катмардагы жарандар катышты. Мисалы, темир жол кызматкерлери Франциянын экономика жана финансы министрлигинин аймагында 15 мүнөттүк нааразылык акциясын өткөрүштү. Франциядагы 20 миң дарыкананын 18 миңи ишин токтотуп, нааразылыкка кошулду. Ошондой эле мугалимдердин 17% акцияларга катышышты.
Башында 2026-жылга карата үнөмдөө чаралары камтылган бюджет долбооруна нааразычылык билдирүү үчүн көчөгө чыгууга профсоюздар чакырык жасашкан. Бул финансылык план мурдагы премьер-министр Франсуа Байру тарабынан даярдалган, бирок ал кызматтан кетүүгө мажбур болгон. Бирок көптөгөн француздар жаңы дайындалган премьер-министр Себастьен Лекорнунун бюджет боюнча сунуштары Байрунукунан көп деле айырмаланбайт деп эсептешет, анткени ал парламенттеги фракциялар менен компромисске келип, бюджетти беките албайт деп ойлошот.
Лекорну — президент Эммануэль Макрондун жакын санаалашы. Макрон өткөн жумада эки жылга жетпеген убакытта дайындалган бешинчи премьер-министрди кызматка алып келди. Лекорну 7-октябрга чейин бюджет долбоорун сунуштоого убада берген. Ага социалисттердин талабы боюнча өлкөнүн 0,01%ын гана камтыган эң ири жеке байлыктарга 2% салыктын кошулушу мүмкүн. Бирок бул чара Лекорнунун оңчул союздаштары менен атаандаштарынан каршылык көрүүдө, анткени бул капиталдын өлкөдөн чыгып кетишине жана салыктын жүгүн көбөйтүүгө алып келиши мүмкүн. Учурда Франция салыктын көлөмү боюнча Европада ИДПга карата эң жогорку деңгээлде турат.